Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өзүмдөн 14 жаш кичүү жигитке байландым, кантип ажырайм?

Өзүмдөн 14 жаш кичүү жигитке байландым, кантип ажырайм?

22-ноябрь, 21:56
4 480 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашым 44кө толду. Биринчи турмушум болбой калган жылдардан бери жалгыз бой бир топ жылдарды артта калтырдым. Жалгыз кызымдын көзүн карап, аны эч нерседен кем кылбай чоңойтууга жан үрөдүм. Тагдыр ар кандай тамашасы менен күтүп алат экен. Өзүмдөн он төрт жаш кичүү жигит базарда өнөктөш болуп иштешип жүрүп, кантип жакын адамыма айланып калганын да баамдабай калыпмын. Ал дагы жубайы менен мамилеси келишпей, эки жолго түшүшкөн. Биз чогуу болгонубузга үч жылдан өттү. Аны жакын адамдары “үйлөн” деп кыстап келет. “Үйлөн, жакшы, жаш келиндерди тап” деп акыл айтам да, кайра ичим туз куйгандай ачышат. Ал болсо колумду сурап, “бир үй-бүлө бололу” дейт. Ортобуздагы 14 жаш айырмачы? Анын ата-энеси, жакындары биздин мамилебизге таптакыр каршы. Бирок, менден 14 жаш кичүү болсо да мени түшүнгөн адам. Эми кандай кадамга барам? Мындай ысык махабатымдан кантип ажырайм?..


Фарида 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер