Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улугбек ОРМОНОВ: ЖК депутаты: “Арстан Алай балким оорулуу, анын ден соолугун текшериш керек болчу”

Улугбек ОРМОНОВ: ЖК депутаты: “Арстан Алай балким оорулуу, анын ден соолугун текшериш керек болчу”

25-октябрь, 19:17
488 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Улугбек мырза, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоорун колдогонун “жакында өзү чыгарган ата-энелерден акча чогултпоо жөнүндөгү буйругуна каршы келет” деп жатасыз. Кайсы жерине макул эмессиз? 

-- Мен деле бул мыйзам долбооруна каршы эмесмин, бирок, анын ушул бойдон кабыл алынышына каршымын. Мыйзам долбоорунда ата-энелердин чөнтөгүнө кайрадан кол сала турган жоболор бар, азыр аны мыйзамдаштыргысы келип жатат. Окуучулардын тамактануусуна бөлүнчү 7 сомго кандай ысык тамак келиши мүмкүн? Мүмкүн эмес! Өкмөт ата-энелердин чөнтөгүнө кол салбай, тамак-ашка бөлүнө турган каражаттын өлчөмүн көбөйтүшү керек. Ансыз бул маселенин чечилиши кыйын. Исаков министр болуп кызматка келери менен токтом кабыл алган. Анда ата-энелерден фонд үчүн тыйын чогултууга тыюу салынуу каралган. Мыйзамда “жеке жактардан жана юридикалык жактардан каражат чогултууга болот” деп так жазылып турат. Мен экинчи окуудагы талкууда сунуш бергем, “эки пунктту өзгөртөлү, “жеке жактар” дегенди алып коёлу, демөөрчүлөр кала берсин” дегем. Экинчиси, мектептин чарбалык иши үчүн жер бөлүп берүү боюнча. Бул болбогон нерсе. Биз азыр “мектепке жер бөлүп бересиң” деген мыйзамга норма киргизип жатабыз. Муну ким киргизгени түшүнүксүз болуп атат. Мектептердин алдында жер бар, биология сабагы үчүн бакча кылып, иштей беришсин. Ага мыйзам жазуунун кереги жок. Ошондуктан, мен бул мыйзамга каршы экенимди айтып жатам. “Кайра кайтарып, экинчи окууга өзгөртүп киргизели” деген сунушумду 50 депутат колдоп, өтпөй калган. Азыр 3-окууга келди. Эми ар бир депутат өз абийири менен добуш берсин. Биз мыйзамды колдоо менен айылдагы көп балалуу ата-энелердин, көбүнчө карапайым элдин чөнтөгүнө кол салып жатканыбызды унутпайлы. Бул мыйзам ишке ашары менен директорлор ата-энелерге “балаң окуп атабы, баланча сом төлөп кой” дейт. Ар түрдүү сумманы айтышат, канча айтарын азыр эч ким билбейт. 

-- Арстан Алайдын “Кудаймын дегени үчүн жоопкерчилигин караш керек” дедиңиз эле, кийин кайра “ага кылмыш ишин козгоонун кереги жок, психикасын текшериш керек” деп чыктыңыз...

-- Мен Арстан Алайга “жаза колдонулсун” деген жокмун да. “Кудаймын” деп жарыя кылды, ушуга бир жоопкерчилик барбы-жокпу?” дедим. Жоопкерчилик дегенди ар кандай түшүнсө болот. Ойлонуп көргүлө, Кыргызстанда 90 пайыз мусулман эл жашайт. Бирөө чыгып, “мен Кудаймын, мурдагы Кудай болбой калды” дегени туурабы? “Бул эмне деген сандырактык, келесоолук!” деп карапайым калк деле айтып атат го. Буга баа берилиш керек да. “Баа берилиш керек” дегеним, “сөзсүз эле алып барып камагыла” дегендик эмес. Ал адам менен сүйлөшүш керек. Эмнеге мындай болуп жатат? Балким ал киши оорулуудур. Сопсоо эле ушинтип айтып жатса, анда сөзү үчүн жооп берсин. Кудай болсо, Кудайдын жолунда, Кудайга жаккан иштерди кылсын.

-- Спорт сарайын жеке менчик компания оңдоп-түзөп, отургучтарына логотибин чаптап койгону коомчулукта нааразылыктарды жаратууда. Дегеле, мамлекеттик мекемелерге жеке компаниялардын логотиптери илиниши туурабы?

-- Көзгө басаар жалгыз спорт сарайыбыз бар. Бир нече жылдан бери ремонт бетин көрө элек экен. Аны жаңылап, ремонттоп, ичи-тышын жагымдуу кылып коюу милдетин, мындайча айтканда, демөөрчү болууну жеке менчик компания алды. Өз каражаты менен баарын жасады. Бул жакшы нерсе. Анан өз акчасын бергенден кийин ал компания өзүнүн логотибин илүүгө мүмкүнчүлүгү болсо керек, менимче. Жайнатып отургучтарга чаптап салышканы болбосо, туура эле болду (!) деп ойлойм. 

-- Конституциялык палата Атамбаевдин экс-президент макамынын алынышынын мыйзамдуулугун карап жатат. Конституциялык сот Жогорку Кеңештин чечимин жокко чыгарышы да мүмкүнбү? 

-- Жогорку Кеңеш өз ишин аткарды. Депутаттар добуш берүү менен маселени чечкенбиз. Атамбаев парламенттин мындай чечимин таануудан баш тартып, анын тарапташтары Конституциялык палатага кайрылышкан. Конституциялык палата карап, мыйзамдуубу-мыйзамсызбы (?), ошону талдайт...


Динар ТУРДУГУЛОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер