Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаровдун Түркияга сапарында делегациянын курамында кимдер бар?

Садыр Жапаровдун Түркияга сапарында делегациянын курамында кимдер бар?

09-июнь, 11:57
738 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 9-июнда Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Түркиянын Анкара шаарына жөнөп кетти. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш сапарынын алкагында Садыр ЖапаровТүркия президенти Режеп Тайып Эрдоганменен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эки мамлекеттин башчылары эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат. Мындан сырткары, Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин V жыйынына катышат. Расмий иш сапардын алкагында президент Садыр ЖапаровдунТүркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө. Мамлекет башчы ошондой эле кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Түркияда иштеген жарандары, студенттер, диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

— Кыргыз Республикасынын президентинин жубайы Айгүл Жапарова;

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— президенттин администрациясынын жетекчисиСүйүнбек Касмамбетов;

— министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарыэкономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев;

— инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов;

— саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министриКайрат Иманалиев;

— коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов;

— айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер