2022-жылы Кыргызстанга келген туристтердин саны эки эсе өстү
Бул тууралуу улуттук статистикалык комитет билдирет. Маалыматка караганда, алты айда 2,6 миллион чет элдик жаран Кыргызстандын чек арасын кесип өтүп, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп болду.
Ошол эле учурда КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынын чек араны кесип өтүүлөрүнүн үлүшүнө 97 пайыз же 2,5 миллиону туура келди. Алардын эң көп саны Өзбекстандын, Казакстандын жана Россиянын жарандарынын ичинде катталды.
Ал эми КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандардын саны 74 миңден ашты жана өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 1,8 эсеге өстү. Чек араны кесип өтүүлөрдүн басымдуу бөлүгү Түркия, Германия, АКШ, Индия, Кытай, Монголия жана Сауд Арабиянын жарандарына туура келди.
2022-жылдын 1-июлуна карата республиканын аймактарында туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти ишке ашырган 100 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттер (юридикалык жана жеке жактар) катталды. Катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жалпы санынын 87 пайыздан ашыгы жеке ишкерлик менен алектенишет.
2022 жылдын январь-июнунда туризм чөйрөсүндө түзүлгөн кошумча дүң нарк алдын ала баалоо боюнча 10 млрд. сомдон ашыгыраак же ИДПга карата 3,1 пайызды түздү.
"Азия Ньюс" гезити