Президент КМШ министрлери менен отурганда Алишер Барпиев мас абалында кирип барганы кандай?


Жакында КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлери Чолпон-Атага келишип, жыйын кылышып, өз ара сүйлөшүүлөрдү өткөзүшкөн. Ошондо акылга сыйбаган бир көрүнүш болуптур. Көргөн адам жакасын кармап, божурап берди. ИИМдин кадрлар башкармалыгынын начальниги Алишер Барпиев президент Садыр Жапаров министрлер менен жыйын кылып аткан залга мас абалында кирип барганы кандай? Дароо сүйрөп чыгарышыптыр, карап турушмак беле? Бүйүр кызытат эй! Алагүү кезде “баатыр” окшойт. Бизди таңгалдырганы – Алишер Барпиевдин жазаланбай калганы! Жок дегенде кызматынан айдаш керек эле. Тилекке каршы, соолугуп алып, эч нерсе болбогондой иштеп жүрөт. Милициялар мас кезде кутура беришсе, үлгү көрсөтүшпөсө, мындай өнөкөттүн аягы жакшылыкка алып барбайт да. Адилеттүүлүк, мыйзамдуулук үчүн баа берилбей калганына караганда, Алишердин алдуу “крышасы” бар көрүнөт...
"Азия Ньюс" гезити











