Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаңыл Кулмашева: “Кыргызстанда үч таза саясатчы болсо, анын бири Кубанычбек Кадыров”

Жаңыл Кулмашева: “Кыргызстанда үч таза саясатчы болсо, анын бири Кубанычбек Кадыров”

27-ноябрь, 19:30
587 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жаңыл эже, жолдошуңуз Кубанычбек Кадыровдун ден соолугу, ал жаткан камеранын шарты кандай экен? 

-- Кыргызча айтканда, жакшы. Биз жаныбыз кыйналып турса да “жакшы” деп жооп берген калк эмеспизби. Чынын айтсам, көптөн бери Кубанычбекке жолуга элекпиз. Башында соттон, анан тергөөгө келген жеринен кезикчүбүз. Азыр сотко алып келишпегенине байланыштуу жолуга албай калдык, адвокаты аркылуу гана сүйлөшүп жатабыз. Бирок, ал жаткан камеранын шарты оор экенин, айнектин ордуна желим баштык тагып, скотчтоп коюшканын билем. Күн сууган сайын жаткан жерлери сыз, ным болсо, терезеси целлофан болсо, кантээр экен (?) деп санаркайм. Омбудсмен институту камеранын талапка жооп бербегенин айткан, бирок маселе чечилип деле кеткен жок. Чынында түрмөгө, СИЗОго жыландын да баласы жатпасын.

-Жаңылбасам Кубанычбек байке Атамбаевдин мезгилинде дагы азыркы берене менен кылмыш иши козголуп, камалган ээ?

-Ооба. Так ушул берене менен кылмыш иши козголуп, үч жыл камалган. Сооронбай Жээнбековдун мезгилинде эркиндикке чыгып, азыркы бийлик келгенде акталган. 

Тагдырдын сыноосубу же Жараткандын маңдайга жазганыбы, айтор, Кубанычбекке так ушул берене менен үчүнчү жолу кылмыш иши козголду. Биринчи жолу кылмыш иши козголгондо Каркыра берилген мезгил эле. Анда Каркыранын берилишине каршы болгон жөө жүрүшкө катышкан. Камай турган болгондо Швецияга чыгып кетип кутулган. Экинчисинде, Унгар-Тоо Өзбекстанга берилгенин сындап чыгып камалып, үч жыл түрмөдө жаткан. Үчүнчүсүндө, Кемпир-Абад маселеси боюнча кафедеги жыйынга катышканы үчүн камакка алынды. 

Чынында Кубанычтын камап сала турган деле күнөөсү жок. Көптүн бири катары эле кафедеги жыйынга барган. Үйдү тинткенде элди көтөрүп жибере турган акча, курал деле чыккан эмес. Негизи мага оор беренелерди коюп алып, себеби жок эле кармап жатышкандай сезилет.

Кубанычбек балдардын ийгилигин, жакшылыгын көрө турган куракка келип калды. Айтайын дегеним, балдарыбыз эми кол арага жарап, эми иштеп башташты. Камакта жатпай, жашоонун ырахатын көрүп, балдарынын ийгилигине сүйүнүп, кубанычына ортоктош болуп, маңдайыбызда эле болсо жакшы болот эле. Аял катары чырылдап, ызы-чуу боло турган жерге барба дегеним менен жүрөгү мекен үчүн соккон, эл-жерге күйгөн адам үйдө отура албайт экен. Аны күч менен кармоого да мүмкүн эмес. Кыргызстандын жери, кен байлыктары, суусу, пансионаттары сатылды деген маалыматты укса эле ошол замат жарандык позициясын билдирип чыга калат. Анын кесепетин камалып тартат.

Баса, “Манас” аэропорттун сатканы жатканда дагы “Аэропорттон колуңду тарт!” деген митингге чыгып, анда дагы кылмыш иши козголгон. Кыскасы, Кубанычбек аэропортту саттырбай сактап калган саясатчылардын катарында болгон.

 -Азыр мурункуга салыштырмалуу кайраттуу болуп калыпсыз. Чыйралбасаңыз болбосун түшүндүңүзбү, же турмуш белди бекем бууга үйрөттүбү?

-Турмуш мени тарбиялады, баштан өткөргөн оор күндөр мага сабак болду. Кубаныч Швецияга качууга аргасыз болгондо төрөгөнүмө 14 эле күн болгон. Анын кетиши мага чоң сокку болуп, көзүмдүн жашы кургаган эмес. Ыйлай берип, балдарымдын да зээнин кейиткен экем. “Апам жөн ыйлаган жок, абал оор турбайбы” деп балдарым да стресс алып, сабакка барбай калышкан. Балдарымдын түнөргөн абалын көргөндө чыйралып, кичинекей балам эки айлык кезинде жумушка чыктым. Мага жакшы окуп, жардам кылгыла дедим. Ичимден эзилип турсам да көз жашымды көрсөтпөй, ыйлаганды токтоттум. Ошондо балдарым кадыресе жанданып, баштагыдай жакшы окуй башташты. Эненин абалы балдарга таасир этерин ошондо түшүндүм. Экинчи жолу камалганда күчүү балам биринчи класс болчу. Ал үчүнчү класс болгондо чыкты. Анда да ыйлап-сыктаганымды билгизбегенге аракет кылдым. Бирок, Кубанычтбектин камалганы балдарга стресс алып келди. Мага билгизбегени менен улуу балдарым абдан кыйналышты. Азыр эми баарын түшүнүүгө аракет кылып, атам өзү тандаган жолу менен кетип, ошонун оош-кыйышын көрүп жатат деп калышты. Мен дагы балдарымды чөктүрбөгөнгө, кейитпегенге аракет кылам, атаңардын алтын башы аман болсун. Буюрса чыгат, келет деп дем берип жатам. Чоң балдарым атасынын тамак-ашын, кийим-кечегин жеткирип турушат. Кичинекей балдарымдын жүрөгүндө так калбасын, шок болбосун деп СИЗОго жолугушууга алып барган жокмун. Жашоодогу жакшы нерселерди көрүп чоңоюшуна аракет кылам, азаптуу турмушту көрсөтпөө үчүн жан сабайм... 

-Үй камагына чыгууга неге аракет кылган жок?

-- “Үй камагына чык, ден соолугуң кетип атат десем, эл көргөндү көрөм деп Кубанычбек көнбөй койду. Бийликтен кечирим сура дегендер да болот. Анда  “кылмыш кылбасам эмнеге кечирим сурайт элем” дейт. Адвокат да “күнөөсү жок. Бирок, коюлган берене оор” деди. “Камактан чыгып, аман-эсен маңдайыбызга келсе экен” деп Кудайга жалынып отурабыз. Адам болгондон кийин жакшылыктан үмүт кылат экенсиң, үмүттүн шооласы үзүлбөйт тура. 

“Кемпир-Абад Кыргызстанга эмес, Өзбекстан үчүн курулган” дешкени менен Орто Азияда суу маселе жаралат. “Кемпирабадчылар” мына ошон үчүн күйүп, жарандык позицияларын билдиришти. Камакка алышканы менен мамлекетибизде жашоо оңолуп, элдин телегейи тегиз болуп кеткен жок да. 

-- Эмнеге кайрылууларды жасап, коомчулукка чыкпай жатасыңар? 

-- Байма-бай Кубанычбектин абалын билдирип, элге кайрылуу жасата бергидей эч кимибиз блогер эмес экенбиз. Азимбек Бекназаровдун баласын камагандан кийин балдарымды да камап салбасын (!) деп кооптонуп калдым. Ошон үчүн кайрылуу кылдырбай жатам. Кайрылуу маселе чечерине көзүм жетпей калды. Кубанычбек үч жыл камалганда чыгаруу үчүн эмне гана кылган жок элек. Ошондой күндөрдү баштан кечиргенден кийин “тынч эле отуралы” деп калдым. Кудай буюрган күнү Кубанычбек эркиндикке чыгат, ишенем...

-- Митингдерге, нааразычылык акцияларына көп учурда кызмат жетпей калган адамдар чыгат. Кубанычбек байке да соодалашыш үчүн митингге чыкчу эмес беле?

-- Кээ бирөөлөр кызмат үчүн митингге чыкса чыгаттыр, Кубанычбекти да мүмкүн ошондой ойлошоттур, чынында андай эмес. Менин өмүрлөшүм элди, жерди ойлогон мекенчил саясатчы. Өзүнүн жыргалчылыгын ойлосо, былтыр май айында “Таласка губернатор бол” деп сунуш түшкөндө эле макул болмок. Ал эч качан өзүнүн керт башын ойлобогон үчүн камалып, жок жерден азап тартып жатат. 

Саясатка аралашкан 2007-жылдан бери бир дагы коррупциялык иштерге аралашкан эмес. Кыргызстанда үч таза саясатчы болсо, анын бири Кубанычбек Кадыров. Жолдошумдун тазалыгы, дүйнөсүнүн кеңдиги, элдин алдында жүзү жарыктыгы мага кубат берет. Кудайдын көзү түз болсо, буюрган күнү чыгып, балдарымды кубантат.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер