Моралдык жактан ачкалар... “Аллах жолунда, дагы бергиле?” дейт
Социалдык тармактарды колдонуучу Өткүрбек Рахманов бүгүнкү күндөрдө башынан өткөн окуяны төмөндөгүдөй баяндады.
“Мындан 3-4 күн мурда болгон бир факт: Колунда барлардан жардам келип калды. Бир үйдү көрсөтүштү. “Ошол үй-бүлөдө эч нерсе жок, кыйналып атат” деди. Барып, үйүнө кирдим. Карасам бир чоң эле аял экен. 5 кап ун жыйылып турат. Капталган картошка, пияздар, май... баары бар. Балким бирөө жардам кылгандыр, балким өзү алгандыр. Анысын сурабадым. Бирок, не деди? “Эже, сизге жардам берели деп келдик эле, муктаждыгыңыз барбы?” дедим. “Ой балам, эч нерсем жок, ачка отурам, бир кап ун болсо дагы берип кетсеңер жакшы болот эле, Аллах жолунда” деди. Өзүм уялдым. “Мына бул турган ундар кимдики, байлардан кем калбапсыз го?” дедим. “Бул не болот эле? Эртең эле түгөнөт да. Бере бергиле...” дейт. Бирок жардам бергенге көңүл барбады. Материалдык эле эмес, моралдык жактан дагы "ачкалар" да көп экен...