Акча талашкан Рысбай Исаков менен Асаналы Калил Манас театрынын абийирин ачтыбы?


Өткөн аптада манасчылардын ызы-чуусу жумурай журттун көңүлүн бурду. Рысбай Исаков шериги Асаналы Калил уулунун мурдун кыйшыйта койгон экен. Апенди чалыш бул экөөнүн урушуна эч ким деле көңүл бурбайт эле, болгону “манасчы” деген аты болуп жатпайбы. А кыргыз эли Манаска кандай аяр мамиле кылары белгилүү эмеспи.
Манастан төрт сап жаттап алып, өзүн манасчы атагандар менен уйкаштырып ырдаган жамакчыларды бир жерге топтогон Манас театры ачылган. Ачылгандан бери ырынан чыры көп. Акын менен манасчыларды бириктирбей эле бир канча топко бөлүп салган. Манасчылары Манастын аты менен ар кайсы ишкерди тооругандан башка кылган деле ишин көрө элекпиз. Төкмөлөрү болсо ар ай сайын айтыш уюштуруп, байге бөлгөндөн башка бир маңыздуу чыгарма дагы жараткан жок.
Эми Сагымбай менен Саякбайдан калган манасты жаттап алгандар тынч эле жүрө беришпей, бир-бири менен мушташа баштабадыбы. Көрсө, экөөнүн урушу түбүң түшкүр акчага барып такалат тура... Манас театры “Жаратман манасчы” деген конкурс кылып, байгесине Кудайды карабай жети миллион сом коет. Сынактын шарты өзүнүн вариантын жаратуу имиш. Кудай урбадыбы, Сагымбай менен Саякбайдан калган Манас эпосун ар кандай кылып сөздөрүн алмаштырып жазып, “өзүмдүн вариантым” деш ар кимдин колунан келчү иш эмеспи!
Түшүнүгү тайкы, Манас эпосунун маани-маңызын билбеген, Манасты акча табуунун булагы менен хайп үчүн колдонгон жетекчилери ошентип “Жаратман манасчы” деген жарма-конкурс ойлоп табышат. Өзүн сыйлаган бир топ манасчы бул сынакка катышуудан баш тартышат. Уялышса керек да. Бирок уялбагандар дагы бар экен. Мурда даярдалган сценарий боюнча Рысбай Исаков менен Замирбек Баялиев бирдеме кылып чиймелеп жазып келишет. Эки эле манасчы катышып жаткандыктан, Кулмат Сыдыков менен Асаналы Калил уулун “катыш эле катыш” деп алдап эл көзүнө эптеп кошуп коюшат.
Ошентип жаратман манасчы болуп Рысбай Исаков менен Замирбек Баялиев чыга келип, ар бири эки миллион сомдон алышат. Кулмат Сыдыков үч жүз миң, Асаналы Калил уулуна болгону эки жүз миң тиет. Аны дагы “кийинки жылы аласың” деп коюшат. Анан чыр эмнеден чыкты, атаңдын башынан чыкты болуп атпайбы!
Кызык эле да, Рысбай Исаков менен Замирбек Баялиев эки милллион сомдук Манасты жаратып ийди бекен? Муну Саякбай тиги дүйнөдөн көрүп жатса сөгүнсө керек...
Бул эми мындай: Маданият министрлиги гана эмес, УКМК, ИИМ, башкы прокуратура алектенчү өтө чуулгандуу иш. Бөлө тарткан миллиондорду текшерүү керек го? Манас эпосуна көз көрүнө жасалган шалаакы мамиле, көз будамайлоо болуп жатса...
Өкмөт Манас театрынын ишин кайра карап чыгышы абзел. Эчтеке кылбай айлык алышып, байге бөлүштүрүшүп, ар кайсы чиновник менен ишкерди тоорушуп, түтүн чыккан жерди түрө кыдырган манасчылар менен акындарга иш жокпу? Асылбек Маратов баштаган бир топ төкмөлөр Манас театрынан айлык албай эле ырдашып, иштерин кылып жүрүшөт. Айлык алган манасылар менен төкмөлөр эмнени кыйратып жатышат?
Элмирбек Иманалиев сындуу чыныгы өнөрдүн ээсин эл өзү эле көтөрүп, акыйкаттуу тандап, баалап алат эмеспи. Улуу өнөргө жамынышып, бийик касиеттин кадыры менен кунарын качырышып, театрга топтошуп алган жалкоолорду өкмөт айдап жолго салбайбы? Кубулжуган үнү, ынанымдуу сөзү жок болгондон кийин үйгүшкөн эргулдар айылдарына барып мал багышса болбойбу? Эрксизден жылмаясың да...











