Эмне үчүн Ош окуясында Курсан Асановдун атагы чыгып кетти?

Билинбей 15 жыл болду. 2010-жылдын 10-июнь күнү кечинде Ош шаарында жаңжал чыгып, ал улут аралык араздашууга айланып кеткен. Тополоң алгач шаардын борбордук бөлүгүндөгү казинолордун биринде кыргыз-өзбек жаштарынын ортосундагы чырдан тутанганы айтылып келет. Расмий маалыматтар боюнча 400дөн ашуун адам набыт кетип, 2000дей киши түрдүү жаракат алышкан. Албетте, өкүнүчтүүсү, 2010-жылдагы Июнь окуясы тарыхыбызда кара так болуп жазылып калды. Кыргызстандын бүтүндүгүн сактоого, жаңжалды басууга президентибиз Садыр Жапаров, генерал-полковник Камчыбек Ташиев жана генерал-майор Курсан Асанов салым кошкон. Эл тагдыры кырчылдаган кыл үстүнө жетип, “өлүмгө – өлүм, канга – кан” деп кыргыз-өзбек тирешип турганда, эки элдин аксакалдарын, мекен үчүн күйгөн чыныгы уулдарын, патриот жаштарын сөзгө келтирип, Ош шаарынын коменданты, чыныгы офицер катары кыргызына да, өзбегине да бирдей мамиле кылуу менен мыйзамсыз аракеттерге кескин түрдө чара көрүп, эң жогорку даражадагы кесипкөйлүгүн көргөзүп, улут аралык кагылышты каарманыбыз жөнгө салды. Ал ушул окуядан кийин «Элдик генерал» аталып, эл уулуна айланган.
Миталип Мамытов, Эл Баатыры, академик:
-- Мен дарыгер катары айта кетсем, Ош окуясы кимдин болбосун жүрөгүн оорутарын сезип турам. Кыргызымдын бактысына Курсандай уулду Кудайым берип койгон экен. Ош окуясын токтотууга дагы бир азамат уулдарыбыздын бири Камчыбек Ташиевдин эмгеги күч. Илгертен кыргыздын канында баатырдык сүр бар. Мен Курсан баламды көргөндө ошол сүрдү байкап турдум. Аксакал катары айта кетейин, мурунтан өзбек менен кыргыз кыз берип, уул үйлөндүрүп келген элбиз. Андыктан, эстүүлүк менен акыл калчап, ынтымакта күн кечиришибиз керек. Курсан Асанов бир гана Оштогу тополоңдо эмес, кайсы жерде болбосун чыр-чатакты жөнгө салууда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө чебер. Эң негизгиси, өлкөбүздө тынчтык, жакшылыктар болсун, буюрса.
Жылдызкан Жолдошова, экс-депутат:
-- Талашсыз, 2010-жылы болуп өткөн апрель-июнь окуялары – бул улуттук трагедия. Быйыл Ош окуясынын болуп өткөнүнө 15 жыл толду. Июнь окуясындагы улуттар арасындагы коогалаңды алгач карапайым калкыбыз кыргыз-өзбек эли өздөрү басышты. Анткени, алар түшүнүштү саясаттын курмандыгы болгондорун. Ал эми ошол оор мезгилде жабыр тарткан элибиздин жүгүн көтөргөн, элге тирөөч болгон Мелис Мырзакматов, Исмаил Исаков, Бактыбек Алымбеков, Артур Медетбеков, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Садыр Жапаров, Ибрагим Жунусов, Бахтияр Фаттахов, Камчыбек Көлбаев (Коля Киргиз), Курсан Асановго ж.б. ыраазычылык билдирем. Аялзаты болсок да, мен – Жылдызкан Жолдошова, Шарапат Мажитова, Надира Нарматова, о.э. Ош облусунун өзбек улутундагы көрүнүктүү эжелер менен биргелешип, эки элдин ынтымагына абдан чоң салымыбызды кошконбуз. Ал эми Курсан Асанов боюнча айта турган болсок, коогалаң учурунда ал кара футболкачан, бронежилети жок ок аралап жүрдү. Колунан келген бүт ишти жасады, милиция кызматкерлери Курсанга таянды. Эл да ошол мезгилде өзгөчө ишеним арткан. Курсандын Ош окуясы боюнча эмгеги зор, өтө кичипейил, кимге болбосун жардамын аябаган, эр жүрөк инсан. Негизи Курсан Асановдун, жогоруда аты аталгандардын да эмгектери бааланат деп ойлойм. Ошону менен бирге, эртеби-кечпи, Ош окуясы боюнча күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын аларына ишенем.
Шаани Топчубаева, “Ош окуясындагы дайынсыздар” коомдук бирикмесинин төрайымы:
-- Июнь окуясындагы тополоңдун айынан ушул убакка чейин 14 адам дайынсыз. Биздин уулубуз Арзыбаев Мирбек 1983-жылкы эле, июнь окуясынан бери табылбай келет. Эжесинен кабар алганы кеткен бойдон келбей калды. Ботосун жоготуп боздогон биздей энелердин көз жашы эч качан акпасын. Табылып сөөгүн көрүп көңүл тынчыбай, же тирүүсүн билип көөдөн кубанбай, мындан өткөн азап, кайгы жоктур! Пенде жашап турганда үмүттөн кол үзбөйт экен. Уулун жоготкон эненин кайгысын түшүнгөн генерал Курсан Асанов болду. Ош окуясындагы анын эмгеги, аракети, эрдиги, калыстыгы, мекенчилдиги өзгөчө жогору турат. Патриотизм менен элдик сезимдин үлгүсүн көрсөттү. Курсан – өз элинин учурдагы чыгаан уулу. Мына быйыл Июнь окуясына 15 жылдын жүзү болуп калыптыр. Дүйнөдө энелердин көз жашы акпай, Кудайым мындай каргашалуу окуялардан өлкөбүздөгү карапайым элибизди сактасын. Эч качан согуш болбосун!
Дилбар Көчкөнова, Токтогул районунун тургуну:
-- Менин уулум Аскаров Алмаз күч органында иштеп, жаңы эле которулуп келгенине 4 ай болгон. 2009-жылы уулумдун келинчеги төрөттөн каза тапты. 2010-жылы 16-июнда уулум дайынсыз жоголуп, кийин ДНК менен сөөгү табылды. Ошондо үч күндүк уулу калган эле, 6-класста окуган небере кызым багышып чоңойтту. Азыр мектеп окуучусу. Атасынын жолун жолдоо үчүн аскер жаатын тандоо тилеги бар. Ошондогу апаат күнү бүгүнкүдөй эсимде. 31 жаштагы уулун жоготкон эне катары сай-сөөгүбүз сыздап турганда Курсан Асановдун төшүнө койгулап, “уулумду таап бер!” дегенимде, “мени балаңыздай көрүңүз. “Апа” деп жүрөйүнчү” дегени азыр да кулагыма угулат. Курсан, Мелис Мырзакматов, Сүйүн Өмүрзаков, Камчыбек Кыдыршаевич дагы кандуу окуянын ичинде болушту... Акыры эл Курсан Асановду кадырлап-барктап, ошол Ош окуясында эле “Элдик генерал” наамын берип коюшкан.
Жылдызкан Эшкулова, Баатыр эне:
-- Менин уулум Ахмедов Семетей ОшМУнун юридика факультетинде 3-курста окучу. Ата-эне үчүн ар бир баланын орду ар башка эмеспи. Уулум өзүн өтө олуттуу алып жүрчү. “Юрист болом” деген кыялындагы кесибин туура тандаган. Келечекте элине ак кызмат кыларына сүйүнгөн элек. 2010-жылы 8-июнда “бир зачет калды, тапшырып келейин” деп Ошко чыгып, биз атасы менен жайлоого кеткенбиз. Жайлоодо жүрүп, каргашалуу окуяны уккан эмеспиз. Көрсө, уулум патриоттук деми менен колуна курал кармап, согуш талаасын аралап кетиптир. Ошол бойдон кабары жок. Үч жылга чейин бозомук тумандын арасынан чыкпагандай болуп жүрдүм. “Убакыт дарылайт” деген чын экен. Уулум бир күнү үйгө кирип келчүдөй үмүттөнөм... Эсимде, тынчтыкты сактоодо күн-түн дебестен күч-аракетин жумшаган Курсан Асановдун эмгеги зор. Курсандай болуп жанталашып, эки элди элдештирип, арачыга түшүп, өлүмгө тике карап турган кишилер аз болду. Анын баатырдык мүнөзүн абдан баалайм. Жашоодо өз принциби бар, ак менен караны ажырата алган, элинин мүдөөсүн жогору койгон жогорку сапаттарын айта алам.
Дариякан Карыбекова, Ош шаарынын тургуну:
-- Азыр 60 жаштамын, Ош окуясында 45те элем. “Ош окуясы” деп айтып коюш өтө жеңил болгону менен андагы мезгилди көргөн адамга өтө оор эле. Заматта гүлдөп турган шаарыбызды кара түтүн каптап, күлү сапырылып, күндүн нуру жок, караңгыга сүңгүп киргенбиз. Жашообуздан түңүлүп, бүтүндөй өмүрдө тапкан оокат-ашыбыз көзгө көрүнбөй, жаныбызды сактоо үчүн талаа-тоого үйдөн качып чыккандарыбыз канча?.. Ошондо Курсан Асанов 42-43 жаштардагы жүрөгүндө жалы бар жигит чыгар. Элибизде ушундай айбаты, сүрү бар балбан билек баатыр уулдарыбыз бар үчүн биз бүтүнбүз, түбөлүктүүбүз. Курсан аянтта от кечип, ажал менен аралашып жүргөн аскер болду. Анын ишмердүүлүгүн өзгөчө баалайм, кудум экинчи дүйнөлүк согуштагыдай атышуулардан адамдардын кардылары жарылып, кан суудай агып жаткан эле. Биздин “Нива” машинебизге ок тийип, раматылык жолдошума “качалы” десем, “качпайбыз” деди. Заматта эле “Курсан жүрөт” деп калышты. Ал миңдеген жаштарга патриоттук дем берип, ишеним жаратып, көпчүлүктү тынчтыкка чакырып жүрдү. Бою, сөөлөтү, үнү да бар экен, тез эле атагы чыгып кетти...
Манзура, Ош шаарынын тургуну:
-- Биз Тешик-Ташта жашайбыз. Жолдошум каза болуп калган. Эки уулум, бир кызым бар, эми бир уулум калды. Июнь окуясында кичине уулумдан айрылып калдым, болгону 20 жашта эле. Эки элге ушул кереги бар беле? Өзбек болсок дагы улутту ажыратпай бооруна кыскан кыргыз бир тууганым деп билем. Эки элдин жөнөкөй жарандары кимге курал болдук? Каза табышкан уул-кыздарыбыздын убалы кимге?! Генерал Курсан Асановго ыраазычылык билдирем! “Өзбек-кыргыз” деп бөлбөй эки улутка тегиз караган чыныгы адамдык бийик сапатын көрсөткөн...
Динара Асылбекова
"Азия Ньюс" гезити