Алыкул Осмоновдун махабат лирикасы


Адамзатты тээ жаралгандан тарта коштоп келе жаткан, коштомок турсун анын өмүрүнүн маңызын түзгөн бир сыйкырдуу керемет нерсе бар. Ал – махабат. Сүйүүгө кул да, падыша да багынат. Анын сыйкырдуу күчүнүн алдында аял да, эркек да алсыз. Сүйүү – жашоонун тузу. Ал түбөлүк чакырык жана өчпөс кумар, сыйкырдуу азгырык дагы. Алыкул Осмонов өзүнүн «Күзгүгө каранган жеңеме» деген ырында беттеринин бырышын байкабай, жеңеси дале күлгүн кезиндей сүлкүлдөгүсү келет, боёнуп сулууланат:
Жеңекем таш күзгүдөн жүзүн карайт,
Кулпурган кундуз чачын кайра тарайт.
Суйкайып, күлүмсүрөп кашын серпип.
Түлкүдөй көлөкөсүн тамашалайт.
Карачы, жеңенин кыймыл-аракети кандай таасирдүү сүрөттөлгөн. Терең карасак, жеңенин көңүлүнүн тереңинде сүйүү гүлүнүн лаласын дагы бир жолу эркелетсем деген көмүскө каалоо, фрейдчесинен айтканда, махабат инстикти ойноп турат. Акын аталган ырынын аягын: «Чынында биз да андайдан алыс эмес, ар дайым эркек кургур он сегизде» деп бүтүрөт. Ырас да, улуу табият караңгы түнгө чыракты жагып койгон соң, аны көпөлөктөр айланбай коёбу?..
Улуу махабат кумарлары, сүйүү өртүнө кабылып, акыл-эсин жоготкон мажнундардын тарыхы дүйнөлүк адабиятта улуу дастандарды, өлбөс-өчпөс классиканы жараткан. Бир эле өзүбүздүн Чыгыштын акындары Низаминин «Лайли менен Мажнун», Алишер Навоинин «Фархад менен Ширин» дастандарын эстейли. Булар махабатка арналган өзүнчө бир гимн! Сүйүүнүн өлбөс күчүн даңазалаган «Олжобай менен Кишимжан» эпосу, Барпы Алыкуловдун «Аксаткын менен Кулмырза», Сүйүнбай Эралиевдин «Ак мөөр», Алыкул Осмоновдун «Махабат», «Майдын түнү», «Күлүйпа» сыяктуу поэмалары кыргыз поэзиясынын көөнөрбөс көркөм берметтери.
Алыкул акын да сүйүүнүн өкүм күчүнө баш ийип, кезегинде махабат мажнуну болгон эмеспи. Бекеринен ал «Аялга» деген ырында «Сүйгүм келет миң мертебе жаңылып» деп жазган эмес. Анын калеминен «Сүйүү жана мен», «Сулууга», «Келсем жоксуң», «Сүйдүм сени», «Сүйүүнүн түрлөрү», «Күзгүгө каранган жеңеме», «Кыздын сүрү», «Кайда барсам эсимде», «Түп суусу», «Бирге жүрдүк», «Жалжалым ой», «Мен олтурам, күйөөң сенин жаныңда» өңдүү сүйүү ырлары жаралган. Бул лирикалык циклдин ичинде улуттук поэзиянын шедеврлерине айланган ырлар да бар. Мисалы, «Сулууга», «Аялга», «Сүйүү жана мен», «Сүйдүм сени» ж.б. ырларын атасак болот. А.Осмоновдун сүйүү ырларынын, поэмаларынын көркөмдүк-эстетикалык жактан сапаттуу, мазмундук жактан терең чыгышына өбөлгө шарт, көрөңгө – жерпай болуп берген факторлор бар. Буларды алдын ала белгилеп өткөнүбүз оң.
Биринчи фактор – бул улуттук көркөм көрөңгө. Алыкул Осмонов махабаттын лаззаттарын жана азаптарын жүрөк-жүлүнгө жеткизе ырдаган элдик сүйүү лирикаларынын эстетикасынан сабак албай койбогон. Буга анын элдик сюжеттин негизинде жазылган «Мырза уул» поэмасы, элдик «Күйдүм чоктордун» манерасында жаралган «Жалжалым ой» ыры «Махабат» поэмасынын сюжеттик курулушуна пайдаланылган фольклордук-жомоктук поэтиканын ыкмалары күбө болуп турат.
Экинчи фактор – махабатка арналган дүйнөлүк адабий классиканын эстетикалык тажрыйбасы. А.Осмонов махабаттын кайгы-кубанычын, драма-трагедияларын жүрөктү титиреткен күч менен ачып берген Шекспирдин, Шота Руставелинин, Алишер Навоинин чыгармаларынын мектебинен өткөн. Автандил менен Тинатиндин, Тариэл менен Нестан-Даражандын («Жолборс терисин кийген баатыр») Мажнундун Лайлиге жазган (Навои) улуу сүйүү каттарын которгондон кийин, Чыгыш шедеври «Фархад менен Ширинди» жана «Отеллону» күйүп-жанып кыргызчалаган соң Алыкул сүйүү жөнүндө начар ыр жаза албайт эле.
Үчүнчү фактор – акындык инсандык субъективдүү тажрыйбасы, анын сүйүүгө мелт-калт толгон, өрттөнгөн, өксүгөн, армандуу жүрөгү. Алыкул акылынан танып сүйгөн тун сүйүүсү Айдай Жигиталиева аттуу сулууга жетпей калып, өмүр бою ичи чок болуп өткөн. Ал кыргыз чүрөктөрүнө, колхоз сулууларына, элет периштелерине суктанып, алар жөнүндө кыялданып ырларды жазган.
Кайда барсам эсимде,
Көлдүн кызыл кыздары.
Катташпай коюп далайга,
Көңүлүм жаман сыздады. («Кайда барсам эсимде» ырынан).
Колхоз кызы Канымкүлдүн дарты үчүн,
Колхозуна мүчө болуп албасам. («Түп суусу» ырынан).
Кыскасын айтканда, Алыкул Осмоновдун сүйүү лирикасы акындын өзүнүн баштан кечирген санаркоолорунун, толгонууларынын, махабат драмаларынын, философиялык ой-сааналарынын, көңүл ыргактарынын, эмоциясынын күзгүсү эмей эмне! «Чыныгы жазуучунун, бөтөнчө Алыкул Осмонов сындуу лирик акындын өмүрү менен чыгармачылыгына чек коюп болбойт: ал экөө ажырагыс бирдикте, бирге жуурулушуп кеткен нерсе. Демек, акындын чыгармалары кандайдыр бир даражада анын өзүнүн да өмүр баяны. Тагыраак айтканда, поэтикалык өмүрү деп айтсак болот» деп «Канаттуу поэзия» аттуу макаласында адабиятчы Шаршенбек Үмөталиев туура жазган (Караңыз: А.Осмонов. Көл толкуну. - Фрунзе, 1972, 11-бет). Албетте, мындай ой А.Осмоновдун махабат лирикасы анын өмүрүнүн фотографиялык көчүрмөсү дегендикти билдирбейт. Акындын субъективдүү дүйнөсү, ой-туюмдары, жекече биографиялык фактылары көркөм-эстетикалык жактан кайра иштетүүдөн өтүп, жалпы маанидеги турмуш чындыгы катары окурмандарга тартууланат. Муну адабияттын теоретиктери, орусча айтканда, художественно-пересозданная правда жизни деп коёт эмеспи. Бир сөз менен айтканда, Алыкулдун өзүнүн керт башынын ашыглык тажрыйбасы, анын махабат темасындагы чыгармачылыгынын оргуган булагы болгон. Турмушта Алыкулдай «мажнун» боло билген таланттуу адам гана сүйүү жөнүндө керемет ыр, поэмаларды жарата алмак.
Эмесе, акындын бир ырын алалы да, конкреттүү, предметүү сөзгө өтөлү. Мисалы, «Сүйүү жана мен» ырын карап көрөлү. Биринчи айта турган нерсе, бул жеңил-желпи окуп коё турган ыр эмес. Бул ыр дегеле кыргыз сүйүү лирикасын олуттуулуктун, тереңдиктин, проблемалуулуктун жолун карай бурган ыр. Бул ырда романтика да, драма да, идеал издөө да, бал да, уу да бар. Үңүлүп кунт коюп окугандан кийин «Сүйүү жана мен» сенин рухий-интеллектуалдык дүйнөңдү конуштап калчу ыр экенине ишенесиң. Эмесе биринчи куплетти окуйлу:
Сүйүү эмне? Сүттөй таза колукту!
Ансыз анан алтын өмүр толукпу?
Ошондуктан эң биринчи жаш сүйүү
Бермет, жакут, каухар кийип жолукту.
Кандай керемет поэтикалык саптар! Сөз гүлдөрүнүн айкалышын, поэтикалык лексиканын гармониялуу ансамблин, уйкаштардын фонетикалык үндөштүгүн, музыкалуулугун карачы! Бул куплетте алгачкы тунгуч ууз сүйүүнүн романтикалык портрети тартылган десек жаңылышпайбыз. Бул портрет аркылуу ар ким өзүнүн тун сүйүүсүн көз алдына элестетип, толкундабай коё албайт. Акын чебердик менен табылган «Сүттөй таза колукту», «Бермет, жакут, каухар кийип» деген образдуу метафоралар аркылуу тун сүйүүнү кадимкидей тирүү элестетип берүүгө жетишип отурат. Бул жерде сүйүү эмне, анын мааниси эмнеде (?) деген түбөлүк актуалдуу суроого жооп табылууда. Сүйүү болсо гана өмүрүң толук боло алат, эгер ошол сүйүү «сүттөй таза» болсо, анда сенин өмүрүң жөн өмүр эмес «алтын өмүр». Алдыңкы эки сап тирүүчүлүгүңдүн маңызы ушунда деген философиялык подтексти да кошо ишаралап турбайбы. Биринчи куплеттеги алгачкы махабаттын романтикалык портрети бул кандайдыр бир жеке тагдырдын эле сүйүү бейнеси эмес, ошону менен бирге жалпы эле адам баласынын сүйүү тирлигине мүнөздүү көрүнүш. Ыр ушунусу менен маанилүү. Экинчи куплетти окуйлу:
Кучактадым, өптүм, кыстым боорума,
Бул турмушта өлгөнчө бир болууга.
Бирок, сүйүү эң жалганчы нерсе экен,
Кош деди да от карматты колума.
Көрүнүп тургандай, бул куплет өйдөдөгү махабат романтикасынын капыстан кыйрагандыгы жөнүндө ырдап турат. Алгачкы сүйүүнүн рахат кубанычы күтүүсүздөн драма менен алмашып, көңүлдү уйгу-туйгу кылып, оозду ачырып койду. Ырас, туура, турмуш деген татаал, карама-кршылыктуу миң сырдуу, миң кырдуу, бирде сага бал жегизсе, бирде уу жуткузуп коюшу мүмкүн. «Махабаттын назик кайыгы көртирликтин ташына тийип талкаланды» деген В.Маяковскийдин сөзү да бекеринен эмес. Сүйүүдөгү кыйроо боло жүргөн нерсе. А.Осмоновдун лирикалык каарманы да ушундай тагдырга дуушар болуп турат. Бирок лирикалык каарманга «бермет, жакут, каухар кийген» сулуунун «от карматып» күйгүзүп кеткен окуясынын себеби эмнеде? Бизди ушул кызыктырып турат. «Бул турмушта өлгөнчө бир болууга» шерттешкен убада эмне үчүн бузулду? Себеби, жаш сулуунун жаш сүйүүсүнүн түбүндө түбөлүк тура турган бекем ашыглык пайдубалы жаткан эмес. Лирикалык каарман «бермет, жакут, каухар кийген» романтикалуу азгырыкка алданган экен. Лирикалык каармандын сүйүүсү ашып-ташып төгүлүп турганы менен каухар кийип “жалт-жулт” эткен жалжал көздүн махабаты «бозоюмсуз жашай албайм, мажнунумсуз көзүм көрбөйт, кулагым укпайт, жүрөгүм какпайт» дегендей алоолонгон даражага көтөрүлүп чыккан эмес. Лирикалык каарман өзүнүн Джульеттасын, Кишимжанын, Лайлисин Аксаткынын тапкан эмес.
«Менде айып жок, төмөнсүнбөйм эч кимге» дейт лирикалык каарман кийинки куплеттердин биринде. Демек, ал сүйүүдө дагы өз бактысын издөөгө акылуу экенине бекем ишенет. Каарманыбыз жалынына ташты эрите турган дагы бир чүрөккө арбалат:
Экинчиси андан сулуу, андан жаш,
Жалынына жана турган жансыз таш,
Анын көркү миң бир түрлүү көрүнүш,
Мен андыктан: кайра кумар, кайра мас.
Лирикалык каарман сезим кумарына мас болуп, экинчи махабаты менен аз болсо да дуулады. («Аз дууладык жаштык, мастык ойнунда, ант бериштик өмүр байлап көп жылга»). Бирок ант, шерт ортодогу сүйүүнүн түбөлүктүүлүгүнө, туруктуулугуна кепил боло албайт экен. «Манаста» айтылгандай, «ак буудайдын унундай жуурулушкан, ак бөкөндүн кылындай суурулушкан, адырдагы аркардай жошулушкан, арзышып ак булактай кошулушкан» сүйүү гана өмүрлүк бакытка кепил болуп бере алат. Эгер мындай кепилдик жок болсо, бекем курдум деген сепилиң акырында иллюзия болуп чыкмак. Каарманыбыздын экинчи сүйүүсү да ушундай жазмышка тушукканы албетте, өкүнүчтүү. Автор ырын минтип улантат:
Бирок сүйүү жерден муздак нерсе экен,
Жашырынды жылан таштап мойнума...
«Жерден муздак» деген салыштыруу жана «жылан таштап мойнума» деген образдуу метафора экинчи жолку сүйүү кыйроосунун лирикалык каарман үчүн психологиялык оор сокку болгондугун кашкайта көрсөтүп жатат.
Сүйүүсүз адам – курбака, жарты жан, жайдак өмүр. Сүйүү кумары жаралгандан жаның менен кошо бүткөн нерсе эмеспи. Андыктан түпкүрдө жаткан түгөнгүр кайрадан түрүлүп чыгып, өзүнүн теңин, эгизин издеп, ашыгын эңсеп, өмүрдө көксөгөн, жетпеген таалайын тапкысы келет. Бирок тагдыр ага дайым эле күлө карабайт. Бул деген турмуш. А.Осмоновдун бул ыры турмуш жыттанып тургандыгы менен маанилүү. Каарманыбыз үчүнчү сүйүүдөн да утулду. «Бирок сүйүү уудан бүткөн нерсе экен, үчүнчүсү заар чачты бетиме».
Ырдын 5-куплетин окуган соң ушундай драмалуу, трагикалуу финалдардан кийин лирикалык каармандын мындан аркы махабат тагдыры, сүйүү жолу кандай болот (?) деген суроо туулбай койбойт. Бул суроого жооп табуу үчүн «Сүйүү жана мендин» акыркы 6-7-куплеттерин окуу керек. Эмесе, 6-куплетке назар буралы:
Жылан таштап, заар төгүп, чачып от,
Эрк сеники, шылдың кылмак, ойномок,
Бирок, түшүн, акылың кем жаш сүйүү,
Ошентсе да сенден көңүлүм калган жок!
Көрдүңүзбү, сүйүүдө багы ачылбаган лирикалык каарман дагы эле алдыга үмүт менен карайт. Тагдыр ага канчалык соккуларды урса да, чүнчүп, көңүлү калып, ыңдыны өчүп, махабаттан түңүлүп калбаптыр. («Бирок түшүн, акылы кем жаш сүйүү, ошентсе да сенден көңүлүм калган жок»). О турмуш, о тагдыр, мени шылдыңдап, оюнчук кыла бер, эрк өзүңдө, бирок мен чөгөлөп, мүңкүрөп калбайм, кек да сактабайм” дегендей подтексти каңкуулап, лирикалык каарманыбыз майтарылбай жазмышка моюн толгоп турат. «Жылаан таштап, заар төгүп, от чачып» үч жолу бүк түшүрсө да каарман кайрадан тирилип, махабаттын толкуп-ташкан деңизине дагы да бой таштоого даяр. Бул жерде лирикалык каармандын мүнөзү тагдырдын катаал мамилелерине каршыгып, өжөрлөнө алга умтулган Алыкул акындын өзүнүн мүнөзүнө окшоп кетет.
“Сүйүү, сенден көңүлүм калган жок” деп атпайбы каарманыбыз. Анткени ал өлбөс үмүттүн, өчпөс сүйүү кумарынын адамы. Ал жөнөкөй көрпенде эмес, рухтун, бийик кыялдардын адамы. Сүйүүдө идеалды издеген инсан. Жерден өйдө көтөрүлүп, көктөгү ай-жылдыздар менен айылдаш жашаган романтикалык махабатка кусаланган, ойлоо образы, руханияты башкачараак эркекзат. Ал «сүйүү деген уудан бүткөн нерсе экен» дегени менен түпкүлүгүндө сүйүүнүн өзүн күнөөлөп жаткан жок. Лирикалык каарман бул жерде ошол сүйүүгө, ак махабатка татыктуу боло албаган, наркы бийик рухий сүйүүгө кудурети жетпеген, сүйүүдө туруктуу боло албаган, тар жол, тайгак кечүү туш келсе, сатып кеткен, алдап кеткен, ала жипти аттаган, махабатты дене кумарынын, инстинкттердин деңгээлине түшүргөн, көртирликке тепсеткен, өз сүйүүсүн алдейлеп сактай, коргой албаган, карманган жобосу жок, идеалы жок адамдарга, аялзатына нааразы болуп, “жылан салды мойнума, заар чачты бетиме, от карматты колума” деп кайгырып жатат.
Сөздү дагы уланталы. Кеп болуп жаткан ыр боюнча тыянак сөзгө ашыкпайлы. Бизди ырдын акыркы 7-куплети күтүп турат. Жыйынтык ой алдыда. Ырдын соңун окуганга чейин момундай «лирикалык чегинүүгө» жол берели.
Адабияттын энеси – турмуш. Чыгарманы турмуш төрөйт. Чыгармадан турмуштун деми уруп, «жүрөк кагышы» сезилип турбаса, ал жасалма бир нерсе. А Осмоновдун «Сүйүү жана мен» ырынан реалдуу жашоо-тирликтин чындыктарынын элестери көз алдыга келип турат. Туура, ырда айтылган ойлор каймана маанидеги метафораларга оронуп турат. Бирок да, Алыкул бул ырын реалдуу турмуш прозасынын фактыларын жана өзүнүн өмүр таржымалынын чындыктарын жуурулуштуруп, көркөм дөөлөт жараткан сыяктуу. Аталган ырдын турмуштун кайнаган казанынан сузулуп алынганына ишенүү үчүн акындын «Жамандоо» деген ырын көңүл коюп окуп көрөлү:
Келишкен көркү сонун кийими таза,
Пальтосу жаңы форум кара жака.
Көзү ойноп, кызыл эрди жып-жып этет,
Орусча, кыргызчалап сүйлөп турса.
Аңгыча дагы бири кезигишет,
Токтой тур, тиги дагы келсин дешет.
Ошентип мен тааныган бир топ аяш,
Бир сырдын эркек көрбөс сырын чечет.
Ал эмне, бир жигиттин маселеси,
Мисалы, Алыкулдун аңгемеси.
Дуу этип баары тегиз күлүп калат,
«Да, да» деп жер тепкилейт четки эмеси.
Бул дагы аз, эстүү курбум, момун досум,
Көп болсун… андай достор аман болсун.
«Ай кыздар, ал гана эмес мындайы бар»,
Деп кошот «ай оңбосун, ай оңбосун».
Ал кезде мен олтурам үйдө жалгыз,
Ойлордон ойго батып түпсүз-сансыз.
Аттиң ай, бир чоң килем соксом ээ дейм,
Бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс.
Ошентип кирник менен килем согом,
Өңү өчүп оңой менен гүлү оңбогон,
Жанагы «жаман» деген «жакшылардын»,
Сөзүнүн чын-калпына күбө болгон.
Мына ушул «Жамандоо» ыры менен «Сүйүү жана мен» ырынын ички мазмундук байланышы бар экендиги ачык байкалып турат. Бул эки ыр тең 1944-жылы декабрь айында жазылыптыр. Бирине бири удаа жазылган поэтикалык экилтик өңдүү. «Жамандоо» ыры 2-декабрда жазылса, «Сүйүү жана мен» ыры 14-декабрда жаралып, «Жамандоодо» чагылдырылган айым каармандарга жооп катары жазылгандай. Мына ушинтип, «Сүйүү жана мен» ырындагы лирикалык каарманга акырында чок карматкан, жылан ыргыткан «сүйүүлөрдүн» прототиптери ушул «Жамандоо» чыгармасындагы обыватель айымдар, агарган (просвещенный) ойсекелер экени баамдалбай койбойт. Мындай «мещанка» сулуулар сүйүүдө көп учурда материалдык байлыкка, эркектин социалдык абалына, комфортко, сырткы формага маани беришип, оордун үстү, жеңилдик асты менен басууга маш келишет. Бирок «келишкен көркү сонун, кийими таза, пальтосу жаңы форум кара жака» жалжалкөздөр да сүйүү өртүнө куйкалана билишет. Булар деле пенделер да. «Бермет, жакут, каухар кийип» алдынан «жарк-журк» этип чыккан жалжалкөздүн көркүнө арбалган эркекзат «жан шоолам, жарык күнүм, бак-таалайым, ай нурлуу ак жүзүңдөн айланайын» деп («Мага күлбө» ырынан) анан «кучактадым, өптүм, кыстым боорума» дебей коёбу! Бирок эркекти эри, теңи, эгизи, тегизи, жападан жалгызы катары эмес, түпкүлүгүндө эркеги, эркечи катары гана сүйгөн, ыйык, бийик кыяматтык сүйүүгө жөндөмсүз, тереңдикти баалоого алсыз, жер менен боортоктоп сойлогон канатсыз махабат тагдырдын оор сыноолоруна туруштук бере албай, нравалык жактан кыйрап, төмөн карай кулап түшөрү да чын. Ушундан улам «Сүйүү жана менде» лирикалык каарман «Сүйүү деген уудан бүткөн нерсе экен, үчүнчүсү заар чачты бетиме» деп күйүнүп жатпайбы. Ушундай жеңил-желпи сүйүүлөрдү турмуштан көп көргөндүктөн Алыкул «Сулууга» аттуу классикалык ырында:
Таттуусуңар, ачуусуңар сулуулар,
Алдайсыңар бизди опоңой кургурлар.
Канча болсо сенин жибек көйнөгүң,
Дал ошончо жүрөгүңдө сүйүү бар, - деп жазган эмеспи. Ошол эле «Сулууга» ырында жанагындай адегендеги таттуу көрүнгөн сүйүү кийин барып уусун бүрккөндө:
«Кош жан эркем, кош дегенге таарынба,
Сен жакшы элең, мен сүйө элек чагыңда»
«Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн» деп философиялык терең ойлуу саптарды да таштап салган тура. Ушундай көрүнүштөрдү, жорук-жосундарды турмуштан көргөндөн кийин, өзү да баштан өткөргөн соң «Алданба» деген ырында:
Алтын төшөк, ак бермет,
Жаздыгына караба.
Телегейи тегиз шай,
Мастыгына алданба, - деп Алыкул жаштарга кеңешин да айтууга чыгынган экен.
Эми «Сүйүү жана мен» ырынын өзүнө кайра бурулуп келип, анын эң акыркы 7-куплетин окуйлу:
Билем анын туш тарабы терең жар,
Өзү зоока куш жете албай болгон зар.
Эгер сүйүү күчтүү болсо өлүмдөн,
Мен сүйүүгө теңелүүгө акым бар.
Бул жерде чыныгы сүйүү, нагыз мажнундук махабат жөнүндө сөз болуп жатат. Бирок бул карама-каршылыкка толгон дүйнөдө чыныгы сүйүүнүн жолу татаал, опурталдуу келет. Тарыхты карасак, үстөмдүк кылган катаал социалдык нормалар, адамдардын аң-сезимине бекем орногон догмалар, көралбас ичкүйдүлүктөр, «сулуу меники» деп колуна кылыч, найза кармаган атаандаштар, бийлик ээлери, ар кандай кырсыктар, кокустуктар, кыйын-кезең кырдаалдар эки ашыктын жолуна дайыма каскак болуп туруп келген. Ошон үчүн акын «билем анын туш тарабы терең жар» деп жазып жатат. Чыныгы сүйүүнүн мекени куш учуп жете албай зар болгон асман тиреген зооканын чокусунда. Башы ай-күнгө тийген асканын учуна чыгуу үчүн жаламалардан тайгаланбаган, бороондорго төш тоскон каармандык, жанар тоодой жалындаган сүйүү кумары, кызыл алоо сезим, ак жаркын жандүйнө, кайра жанбас эрк жана акыл-эс, рух асылдыгы керек. Көк мелжиген махабат аскасына Ала-Тоодо ак жоолуктун улугу, аялзаттын тунугу Каныкей менен айкөл Манас чыгышкан. Зомбулуктарга жана азгырыктарга каршы туруп сүйүү зоосунун башына Автандил менен Тинатин, Тариэл менен Нестан-Даражан чыгып барышкан. Кээ бир мажнундар махабаттын улуу бийиктигине өздөрүнүн өмүрү менен эмес, өлүмү менен чыгып барышкан. Мисалы, А.Осмоновдун өзүнүн «Мырза уул» поэмасында Ак Саткын кыз сүйгөн жигити киши колдуу болгондон кийин, жалынсыз өрттөнүп, ашыгынын артынан кетүүнү чечип, Мырза уулдун мүрзөсүн ачып туруп, өзүн өзү канжар менен жүрөккө сайып өлөт. Кийин эки ашыктын мүрзөсүнөн кош кайың өсүп чыгып, кош булак агып калат. «Кош кайың менен кош булак суусу, Мырза уул менен Саткындын туусу» деп жазган А.Осмонов. Олжобай менен Кишимжандын айтылуу сүйүү тарыхы да дал эле ушунун өзү. Ак Саткын менен Кишимжан чыныгы сүйүүнүн өлүмдөн да күчтүү экендигин өз тагдырларынын трагикалык мисалдары менен ырастап, махабаттын баардыгын жеңүүчү өлбөс кудуретин далилдеген кыргыздын улуу кыздары. Бир кепинге оролуп, мүрзөгө киришип, жүрөктү жарып чыккан укмуштуу сүйүүнүн жазмыштан, ажалдан кубаттуу экендигин ааламга жар салган Лайли менен Мажнунду да (Навои) эске түшүрөлү. Мына ушинтип, А.Осмоновдун «Сүйүү жана мен» ырынын лирикалык каарманы жанар таштай жанган нукура махабаттын эмне экендигин түшүнгөндүктөн өзүнүн сыр ачуусун (исповедь) «Эгер сүйүү күчтүү болсо өлүмдөн, мен сүйүүгө теңелүүгө акым бар» деп тамамдап жатат.
Махабат жолунда «Жакут, каухар кийип» үч жолу жолуккан сулуулар сыртынан айчырайлуу болушканы менен жанагындай «Туш тарабы терең жар, куш жете албай зар болгон» сүйүү зоокасынын бийигин беттеген сапарда рухий жактан жарамсыз болуп чыгышты. («Аялың сулуу болгон соң, аркырап беттен алган соң, сулуулугу не пайда?» – Калыгул бай уулу).
Сүйүү кемеси үч жолу кыйраса да, өзүнүн актыгын сезген каарманыбыз «Менде айып жок, төмөсүнбөйм эч кимге» деп, “мен адаммын, мен биологиялык сүйүүгө эмес, адамдык сүйүүгө, адам деген улук атка жарашкан руханий чоң сүйүүгө акылуумун, сүйүүдө көрпенде болуп эмес, нурпенде катары жашоого татыктуумун” деп, өзүнө кыяматтык жарды, өзүнө эгиз, дилдеш, жүрөктөш, өзөктөш, тагдырлаш, кыйышпас рух ханышасын, өзүнүн Ак Саткынын, Нестан-Даражанын, Каныкейин издеп, “эгер сүйүү өлүмдөн күчтүү болсо, мен ага теңелүүгө даярмын” деп, башын жогору көтөрүп, улуу үмүттү аркалап, сыймыктуу турат. А.Осмоновдун «Сүйүү жана мен» ыры адам деген бул чоң тамгалар менен жазыла турган улук жан. Чоң тамгалуу адам чоң тамгалуу улуу сүйүүгө акылуу жана татыктуу. Анын сүйүүсү макулуктун эмес, адамдын сүйүүсү болуш керек деген философияны тартуулап тургандыгы менен күчтүү. Окурманга ушундай бийик махабат философиясын астыртан ыроологон ырдын акыркы 7-куплети чыгарманын кульминациялык бийиги да болуп саналат.
Мына ушундай махабат философиясынан, сүйүү идеалынан улам Алыкул Осмонов «Сулууга» аттуу, бүгүн Асангалый Керимбаевдин керемет обону менен байма-бай ырдалып келе жаткан терең мазмундуу поэтикалык шедевринде минтип жазып отурат:
Сүйүү деген сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген от чачышуу жүрөктөн.
Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден.
Сүйүү деген ырдоо эмес бал ууртап,
Сүйүү деген сүйүү уусуна уулануу.
1944-жылы жазылган өйдөдөгү «Сүйүү жана мен» ырын окугандан кийин 1945-жылы жаралган «Сулууга» ырынын мисалга алынган бул саптарынын мазмунун жакшы түшүнүп каласың. Алыкул бул саптарында арзан сүйүү менен чыныгы сүйүүнүн айырмасын ажыратып таасын туюндуруп таштаган. Сүйүү деген эркек менен аялдын дене-боюнун айкалышы, төшөк маданияты сыяктуу жөнсалды демейки көрүнүш эмес. Сүйүү деген биосоциалдык жогорку рухий материядан жаралган өзгөчө баалуулук. Ак махабат, аруу сүйүү – бул акын жазгандай, «Өзү да гүл, сөзү да гүл, баскан изи баары гүл» периштеңди таап, аны менен бир үйдүн айы менен күнү болуп жашап, күмүштөй оролушуп, жездей чырмалышып, ачуу-таттуну бирге татып, азап-тозокту бирге тартып, бал да жеп, уу да ууртап, бири-бирине «жүрөктөн от чачышып», бороондуу «деңизден сүзүп өтүү». Мынакей, Осмоновдук сүйүү философиясы, чыныгы махабаттын көтөрөр асыл миссиясы!
Дал ушундай улуу сүйүүнүн образы Алыкул Осмоновдун «Күлүйпа» поэмасында берилген. Бул поэма «Сулууга» ырындагы «Сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден» деген терең ойго көрсөтмөлүү сабак катары жазылгандай. Чыгарманын башкы каарманы Күлүйпанын образы тууралуу кыска кеп кылуудан мурда ХХ кылымдагы индиялык гуманист Раджинин төмөнкү сөзүн эстейли: «Настоящая любовь – это утверждение другого как уникального, неповторимого, единственного существа». Чынында эле нагыз сүйүүнун психологиясы ушундай эмеспи. Поэмадагы жөнөкөй колхозчу кыз Күлүйпа үчүн фашисттер менен кармашууга согушка кеткен сүйгөн жигити Раджи айткандай, жападан жалгыз, кайталангыс, бу дүйнөдө бирөө гана. «Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн» дегендей, тоо ышкынындай солкулдап, бойго жетип турган Күлүйпага далайлар ашык болот. Кыз бир күнү ошондой ашыктардын биринин «таң нурум, таалай-бактым Күлүйпажан» деген катын алат. Бирок селки азгырылбайт. Күлүйпа каттын ээсин өзүнө чакырып, мындайча жооп берет:
«Мен бүгүн зор кубаныч урмат менен,
Алыстан жандан артык жанды күтөм».
Күлүйпа фронттон кайтып келе жаткан сүйгөнүнөн «жападан жалгызынан», «жанынан артыгынан» башканы көрбөйт. Бирок Күлүйпа капысынан күтүүсүз окуяга туш болот. Майдандан кайтып келген жигити душмандын огу тийип, эки көзү соолуп, азиз болуп калган болот. Ушуга карабай, сүйүүсү ого бетер күчөп, Күлүйпа: «Жообум бул: баштагыдан ысык сүйүп, душманды ыза кылып, өчүмдү алам» деп азиз жигити менен кылчактабай баш кошуп, жашоо кемесин бирге айдап жөнөйт. Мынакей, чыныгы сүйүүнүн айныбас, азгырылбас, сатылбас, жеңилбес улуу күчү, тунук жүзү. Күлүйпанын толкуган турмуш деңизинен чайпалбай сүзүп өтөрүндө шек жок. Атүгүл сүзүп өттү десек болот.
Чынында Алыкул ырында гана эмес, өз өмүр турмушунда да ушундай бийик сүйүүнү туу туткан, кыйышпас, өзү менен кошо башын баталгага коё турган өмүрлөштү эңсеген жана ага умтулган. Тирүү болсо, күндөрдүн бир күнүндө ага жолугарына ишенген, үмүтүн үзбөгөн. Бирок акын тирүүсүндө сүйүүдөгү идеалын, бактысын табууга үлгүргөн эмес. Ал «Сулууга» ырын төмөндөгүчө аяктаган:
Бирок менин махабатым бир гана,
Бирок ал жок, эгер болсо ал кана?
Мага ишенбе, элес кылып бардыгын,
Күлүп жүрөм өзүңө окшоп алдана.
Мына ушинтип, Алыкул өмүрүндө өзүнүн Ак Саткынын, Кишимжанын, Күлүйпасын таппагандыктан өмүрүнүн акырында жалгыз калып, кышында муздак тамда ооруп жатып, арманда каза болгон.
Алыкул Осмоновдун махабат тууралуу чыгармаларын кеп кылып жатып, анын «Махабат» поэмасын аттап өтүү мүмкүн эмес. Анткени «Махабат» Алыкулдун сүйүү философиясынын уландысы. «Колхоз легендасы» деп кошумча ат коюп жазган бул чакан поэмасында акын сүйүүнүн баардыгын жеңүүчү кудурет күчүн жомоктук фантастиканын ыкмалары менен даңазалаган. Поэманын башкы каарманы Гүлшайы бийкеч айылдаш Касым аттуу жигитти өзүн өзү унутканча сүйөт. Касым селкинин мунусун билбей улуу Ата мекендик согуштун майданына аттанып кетет. Тал чыбыктай солкулдаган Гүлшайы сагынычтан саргайып, күн-түн жол карап, ашыгын күтөт. Акыры көз жашын төгө берип, ашыктыктын күйүтүнөн мажнун кыз эки көзү соолуп, азиз болуп калат. Ошо тушта Касым эки бутунан ажырап согуштан мунжу болуп кайтып келет. Гүлшайы элдин ортосунда отурган Касымдын үстүнө кирип келип, амандашып, анан ага «махабат», «ашыктык» деген сөздүн маанисин чечмелеп берчи?” деп суроо берип, жообун күтөт. Андан ары сюжет, окурман күтпөгөндөй, мындайча уланат:
Касымжан берер жообун белендеди,
Канжарын белиндеги кемердеги,
Тез гана шып эттире сууруп алып:
«Кылда учун бул канжардын карма» деди…
Кыз ойлоп «канжарынан кандай ийги?»…
Сунду эле ак колуна учу тийди,
Мизинин ошончолук ысыгынан
Бир мүнөт чыдай албай таштап ийди:
«Карындаш, - деди жигит, -- аңдап алгын,
Махабат мына ушундай ысык жалын,
Мен сүйдүм мекенимди, Ата журтту,
Ошого бердим сүйүү ынак канын…»
Кыз анда: «Камчың болсо мага сунчу»
Касымжан камчы алууга өйдө турду,
Берди эле, кыз уч жагын кармап бир аз,
Жигитке «карма, - деди мына муну»…
Ал анда: «Камчысынан кандай ийги?»
Кармады, камчы учуна колу тийди,
Кыз колу тийген жердин ысыгынан
Бир мүнөт чыдай албай таштап ийди.
Кыз айтты: «Касым курдаш, аңдап алгын,
Махабат мына ушундай ысык жалын…
Мен сүйдүм, сени сүйдүм, таза сүйдүм,
Сүйүүнүн сага бердим ынак канын».
Гүлшайы менен Касым ошол жерден баш кошушат. Эл-журт той өткөзүп, жаш жубайларга ак батасын берет. Туура кырк күн өткөндөн кийин сүйүүнүн күчүнөн Гүлшайыга жалжылдаган эки көз бүтүп, Касымга кайрадан баштагыдай эки аяк бүтөт. Мына ушинтип, поэма бактылуу финал менен аяктайт. Сюжеттин жүрүшүндө кадимкидей чыңалууда турган жаның Гүлшайы менен Касымдын баш кошконун көргөндө эс ала түшөт да, эки жупка көз менен бут бүткөндө кадыресе кубанып, бир чети таңгалып оозуң ачылып калат. Жомоктук фантастика экенине карабай, поэма окурманга эмоционалдык-эстетикалык, рухий жакшы таасир калтырат. «Махабат» поэмасы А.Осмоновдун сюжет курууда чукул бурулуштарды, капыс кайрылыштарды, күтүүсүз метаморфозаларды ойлоп тапканга кыйла уста экендиги байкалат. Мындай касиет анын «Майдын түнү», «Эшимкандын тереги», «Менин энем» ж.б. поэмаларынан да көрүнөт. Бирок «Махабаттагы» негизги нерсе бул эмес. Негизги нерсе, дагы айталы, чыныгы махабаттын тагдырды жеңген улуу күчүнүн чегине жеткире поэтизациялангандыгында. Нагыз сүйүүнүн дүйнөлүк, универсалдык кебетесин Азиз кыз менен мунжу жигиттин трагедиясы жана бактысы аркылуу кыргыз топурагында көрсөткөндүгүндө. Жомоктук поэтиканын усулдары менен махабатты көккө чыгара көкөлөткөн «Махабаттай» фантастикалык поэманын кыргыз поэзиясында азырынча теңи жок.
Алыкул Осмоновдун лирикалык ырлары жана поэмалары окурмандарды сүйүүгө таза мамилеге, махабаттагы идеалга, бийик адеп-ахлакка, ашыктык сезимдердин аруулугуна чакырып, үндөп, шыктандырып тургандыгы, көркөмдүк жактан шөкөттөлгөндүгү менен орчундуу да, таасирдүү да.
Кыргыздын кыз ала качкан жигити кызга буюм катары мамиле жасайт. Кызды («буюмду») башка заттардай эле менчиктеп, энчисине баскысы келет. Үйлөнгөндөн кийин аялы анын менчиги болуп калат. Өзүнө буюм катары жасалган мамилеге, эркиндигинин, укугунун тепселгендигинде чычалабаган элеттик бийкечке не дейбиз? Эркектананын менчиги болгондон кийин аялдын кымбаттыгы кетип, арзан баадагы нерсеге айланып, күйөөнүн жанындагы демейки ургаачыга айланат. Кыз уурдаган тоолук пенде үчүн аял катын гана! Максат – биологиялык тукум улоо. Мына ошентип, үйдүн эркеги менен ургаачысы моюндарына каамыт кийишип, көртирликтин арабасын сүйрөгөн кош ат болуп калат. Бул кош атта романтика, канат деген болбойт, карандай проза жана эсеп-кысап гана бар. Эрди-катын сүйүүнү Алыкул жазгандай, беттен сүйүү деп гана түшүнүшөт. Бул эки кош ат жогорудагы бири-бирине жүрөктөн от чачышкан Гүлшайы менен Касымдын, Күлүйпа менен анын жигитинин, Баян менен Бүбүштүн («Майдын түнү» поэмасы), Тариэл менен Нестан-Даражандын жанында кандай бечара, кандай байкуш, кандай алсыз! «Сүйүү деген кээде паста, кээде өйдө, аёо керек жерге түшүп калганын» Алыкул («Келсем жоксуң» ырынан).
Жекече эркин тандоого жана жандүйнөнүн ыктыярына таянган, бири-бирине жүрөктөрүнөн жипсиз байланган, бири-бирине нур чачышып, ар бир мүнөтүн, саатын, күнүн майрам кылып, «жылдыздырды жаздык кылып уктаган» махабат гана, аруу адеп-ахлак, бийик руханият, адамдык асыл нарк менен көрктөнгөн сүйүү гана үй-бүлөлүк бак-таалайдын бекем пайдубалы боло алат. А.Осмоновдун махабат лирикасынан жана сүйүү поэмаларынан ушундай логика чыгып турат.
Эмесе, сөздү жыйынтыктайлы. Кадырлуу адабиятчыларыбыздын бири атактуу Барпы акындан кийин эле кыргыздын махабат лирикасын жаңы тепкичке көтөрүп чыккан Мидин Алыбаев болгон деп жазыптыр. Ырас, Мидиндин лирикасынын стилистикасы чынында эле Барпыга жакын. Бирок кыргыз адабиятында махабат лирикасында 40-жылдарда биринчи болуп олуттуу кадамдарды жасаган Алыкул Осмонов болгон. Ал кыргыз махабат поэзиясын «секетбайлардын» жана «күйдүм чоктордун» деңгээлинен өйдө көтөрүп, олуттуу поэтикалык-философиялык ой толгоолордун даражасына алып чыккан. Бул чындыкты унутпашыбыз керек. «Алыкул Осмонов поэзиясында чыныгы сүйүүнү даңктаган, аялзатына чын жүрөгүнөн чыккан сүйүү гимнин арнаган» (К.Бобулов).











