Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жусупбек Коргонбай уулу: “Азыр жаштарыбыздын көпчүлүгү жалкоо болуп калышты”

Жусупбек Коргонбай уулу: “Азыр жаштарыбыздын көпчүлүгү жалкоо болуп калышты”

18-март, 19:30
701 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жусупбек мырза, сиз азыркы кризистен чыгуу боюнча кандай чараларды сунуштайт элеңиз?

-- Эң керектүү товарлардан НДС салыгын алып салуу сунушталууда. Бул  менимче, туура кадам. Эң башкысы, паникага алдырбаш керек. Баардыгы жакшы болот. Ата-бабаларыбыз мындан дагы оор кыйынчылыктарды баштан өткөрүшкөн. Каатчылык деле көп жагынан адамдын пейилине жараша болот. Биз үй-бүлөдө беш-алты кишибиз. Күнүмдүк эле азык-түлүгүбүздү сатып алып жейбиз. Запас камдаган деле жерибиз жок. Көп болсо 20-30 кило ун бардыр ашканада. Элиме деле ошону айтмакмын. Көңүлдү, пейилди ток кылсак, токчулук эле болот. Кудайга шүгүр, суубуз, жерибиз бар, ачкадан өлгөн эч ким жок.

-- Чындыгында эле азык-түлүктүн көп түрү менен өзүбүздү өзүбүз камсыздасак болот да?

-- Мен ачыгын эле айтып коёюн, 1992-93-жылдары мындан дагы оор мезгил болгон. Ошол кезде биз талааларда иштеп, картошка айдачубуз, буудай сепчүбүз. Азыр болсо көпчүлүк жаштарыбыз жалкоо болуп калышты. Жер иштетишпейт, чөп чабышпайт. Айылдарга барсаң телефон чукулагандан башка иш кылышпайт. “Жер иштетип, же мал баккандан көрө бирөөнүн товарын ташысам көбүрөөк акча табам” деген көз караштагы жаштарыбыз пайда болду. Иштеген кишиге мүмкүнчүлүк толтура. Ушундай кезде кичине сабырдуулук кылып, биримдикте кадам таштасак. Туура, мамлекет да аларга шарт түзүп, арзандатылган кредиттерди бериши зарыл. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер