Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өзүңө ыраа көрбөгөн жаман нерсени башкаларга дагы жасабаңыз!

Өзүңө ыраа көрбөгөн жаман нерсени башкаларга дагы жасабаңыз!

22-сентябрь, 19:46
1 627 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Байыркы чыгыш акылмандарынын айткандары бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек. Бүгүн “barometr.kg” алардын бир нечесин сунуштады.

1. Кетип бара жаткандарды кармабагыла, келе жаткандарды түртпөгүлө!

Көп учурда адамдар жашоосунда болуп жаткан өзгөрүштөргө каршы болот. Болгон күчү менен өзүнө тийешелүү деп ойлогон нерсени сактап, тынчы кетип, өзгөрүүлөрдөн коркот. Аны баалабаган адамдар менен мамилени үзгүлөрү келбейт. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жашоосуна киргизбей тырышат. Дүйнө бир орунда турбаган сыяктуу кечээги көргөн бүгүн жок, эртеңки күн бүгүнкүгө окшобойт. Ошондуктан өткөн чакты коё берип, жашоо берген жаңы нерсени пайдаланыңыз.

2. Ар бир ишти кубануу менен жасаңыз, бакыт үйүңүзгө өзү келет!       

Ар бирибиз окуйбуз, иштейбиз, бир иш менен алекпиз. Эгерде жасап жаткан ишиңиз өзүңүзгө жакса, андан эң сонун. Эгерде жакпаса, өзүңүзгө жаккан ишти жасоого гана умтулуңуз. Ошондо көбүрөөк бактылуу жана кубанычтуу болосуз. 

3. Өзүңө ыраа көрбөгөн жаман нерсени башкаларга дагы жасабаңыз!       

Көп учурда биз башкалардын бизди сыйлашын талап кылабыз, бирок өзүбүз башкаларга туура эмес мамиле жасайбыз.

 4. Ар бир буюмду жакшы жагынан караңыз, андай нерсеси жок болсо, кирдеген тарабын жаркырап чыкканча сүрүп чыгыңыз!

Бул сөздүн мааниси “ар бир иштен жакшылык табуу керек” дегендикте. Муну жасоо абдан кыйын, бирок аракет кылып көрүңүз.

5. Жай жүргөндөн коркпоңуз, токтоп калуудан коркуңуз! 

Биз кээде бир ишти тез жасабай жатып, “мүмкүнчүлүктөр менен убакытты колдон чыгарып алдык го” деп өкүнүп калабыз. Бул баардык учурда эле андай эмес. Ашыкпай жасаган иш да ийгилик алып келет, эң башкысы, бара турган жагыңызга жетпей орто жолдо токтоп калбасаңыз болду. “Кыбыраган кыр ашат” деп коюшат эмеспи.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер