Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызда “Саткынчынын тирүү жүргөнү – өлүмдөн артык” дейт

Кыргызда “Саткынчынын тирүү жүргөнү – өлүмдөн артык” дейт

22-февраль, 22:04
679 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашоо кызык эле да. Депутат Айбек Осмонов бир жерден болгондуктан гана Райымбек Матраимовду таанып, башка жакын мамилеси жок имиш. Ушул мааниде комментарий бериптир. Таппасаң сыйпалап кал! Жаа бою качкандай түр көрсөткөнү эмнеси? Мандатын сактап калыш үчүн кечээги аке-үкалык жылуу мамилесин чанып, бардык көргөн жакшылыктарын сызып салдыбы? Жигиттик намыс, туруктуулук, адамдык сапат жокпу? Көпчүлүктүн көзүн будамайлап, ушунчалык пастыкка түштүбү? Райымбек Матраимов менен Айбек Осмоновдун кандай алакасы бар экенин негиздеп бериш керекпи? Айтор, суроолор көп. Жакында “кыл менен буугандай” фактылар чыгып калса кантет?.. 

Кыргызда “Саткынчынын тирүү жүргөнү – өлүмдөн артык” деген накыл кеп бар. Төбөдө Кудай карап турат го...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер