Алмазбек Бейшеналиевге байланыштуу “шоу-кылтакты” түрктөрдүн атайын кызматы уюштурганбы?


“Жамандын коногу билет” демекчи, бизде мындай окуялар көп эле болду. Үч жыл мурда Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Фырат “Дасмияда” ифтарда чатак чыгарып, “Себаттын” кишилерин эмнеге чакырасыңар? Алар террористтер” деп, анан да Соке барып намаз окумуш болуп жүргөн борбордук мечитти “салып бергенбиз” деп анысын колко кылып, айтор, биздин муфтияттын табагын башына кийгизгендей эле кылган.
Андан кийин Орок айылында боз балдар кыз талашып урушса, “кокуй, кыргыздар түрктөрдү кырып таштамай болду!” деп кыйкырып, жетип барып ызы-чуу кылган да ушул Женгиз Фырат деген эргул болчу. Ошондо биздин тышкы иштер министрлиги ээнбаш элчини чакырып, эскертүү бергенди мындай кой, ооз ача албай отуруп берген. Түркиянын андан кийинки элчиси Ахмет Доган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “ФЕТОнун террордук уюму” (ФЕТО – Фетхуллах Гүлендин террордук уюму) деген темада чуулгандуу илимий конференция өткөргөн. Иши кылып түрк элчилери Кыргызстанда тайраңдап, каалаганын жасашууда. Аларды “кой” деген кожо, “ай” деген ажо жок. Азыр Эрдогандын саясаты боюнча 1992-жылдан бери Кыргызстанда үзүрлүү иштеп келген “Себат” (азыркы “Сапат”) билим берүү лицейлеринин бүтүрүүчүлөрүнүн баардыгы террорист. Чындыгында эле сапаттуу билим берген “Себатта” 30 жыл ичинде 20 миңге жакын мекендештерибиз окуп, алгылыктуу билим алышты да. Эми ошолорду Түркия “террорист” деп кара тизмеге киргизип, төбөсү көрүнгөн мыкты азаматтарынын сары изине чөп салып, куугунтуктоого өтүштү. Түрктөр өз өлкөсүндө кандай саясат жүргүзсө өздөрүнүн иши дечи, бирок ал саясатын Кыргызстанга эмне үчүн таңуулайт? Же Кыргызстан Түркиянын саттелити беле?
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин иши да ушуга байланыштуу. 2018-жылы Мухамметкалый Абылгазиев өкмөттү жетектеп турганда, ал өкмөттө бөлүм башчы болуп иштеген. Ошондон көп өтпөй Түркия элчилигинен “Алмазбек Бейшеналиев ФЕТОчу болгондуктан өкмөттө иштегенге болбойт!” деген каттын келгени айтылып, талкуу жаралган. Көлөкөсүнөн корккон М.Абылгазиев түрктөрдүн өтүнүчүн ошол замат аткарып, А.Бейшеналиевди иштен бошотуу буйругун чыгарган экен. 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин А.Бейшеналиев билим берүү министри кызматына келди. Анан жең ичинен түрктөрдүн ага каршы баягы саясаты башталып, алты айга жеткирбей жаш министрди кызматтан алып түшүштү. Ал экинчи жолу министр болуп келгенде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган уктабай калган окшойт. “Себаттын” бүтүрүүчүсү министр болуптур, эмне шумдук?!” деп. Кыргызстандын бүтүндөй билим берүү системасына көлөкө түшүрүп, жүз миңдеген мугалимдердин жүрөгүн ооруткан Алмазбек Бейшеналиевге байланыштуу “шоу-кылтак” да Бишкекти жойлоп жүргөн түрктөрдүн атайын кызматы тарабынан уюштурулуп жүрбөсүн? “Бөрк ал десе баш алган” биздикилер “Акылбек Жапаровго көрсөтмө бересиң” деп кыйноого алып жатканы чынбы? Биз Алмазбек Бейшеналиевди актоодон алыспыз, анын күнөөсү бар же жок экенин сот гана чечет. Кептин төркүнү “ФЕТОчу” деп түрктөр анын артынан түшүп алганында болуп жатпайбы...
"Азия Ньюс" гезити











