Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кадыр Кошалиев: “Өткөн курултай элдин жүрөгүндөгү көйгөйлөрдү ачык талкууга алган жыйын болду”

Кадыр Кошалиев: “Өткөн курултай элдин жүрөгүндөгү көйгөйлөрдү ачык талкууга алган жыйын болду”

02-декабрь, 09:00
642 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Элдик курултай болуп өттү. Мындан ары да уланабы? Курултайды ыраатын келтирип алып бардыңыз, бирок убакыт боюнча нааразы тараптар да болду. Ушуларга кеңири токтолсоңуз?

 -- Кыргыз Республикасынын Башмыйзамында турган, элибиздин тарыхый салтында бар курултай институтун уюштуруу жыйыны болуп өттү. Кыргызстан боюнча 1070 делегат, андан тышкары, президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, Жогорку соттун төрагасы, башкы прокурор жана ЖК депутаттары болуп, 1400дөй адам катышты. Албетте, бул улуттук улуу жыйын болду да. Ал жерде жабык тема каралган жок. Дээрлик коомдун ар кыл тармактагы көйгөйлөрү тууралуу кеп болду. Эки күн бою 400дөн ашык адам жарыш сөзгө жазылып, анын 243ү сүйлөдү. Делегаттардын 924ү эркек, 148и айымдар. Контингент аябай кызыктуу болду. Эки күн ичинде коомдук саясый, социалдык маселелер боюнча ачык айкын ой-пикирлер айтылып, жашоо, билим берүү, маданият, экономика, социалдык маселелер, аялдар, жаштар темасы козголду. Эл өз оюн эркин айтууга, болгондо дагы бийлик өкүлдөрүнүн көзүнө карап фактылар менен кайрылып жатканы таасирдүү көрүнүш. Жыйынтыгында резолюция, жалпы элге кайрылуу кабыл алынып, бул иш-чара массалык маалымат каражаттарына кенен-чонон чагылдырылды. Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маселелер талкууга түшүп, жакшы чечим кабыл алынды. Бийлик өкүлдөрү келип кетип калбай, башынан аягына чейин катышты. Аягында министрлер делегаттарды кабыл алууну уюштурушту. 

Жер-жерлердеги жыйындар аркылуу үчтөн маселе көтөрүлгөн эле. Андан сырткары, бу жерде да көптөгөн ой-сунуштар түшүп, аларга карата анализдер жүрүп жатат. Албетте, баары көзөмөлдөнөт. Топтолуп калган маселелер арбын экен. Дээрлик чечилишин камсыздоо боюнча мамлекеттик тийиштүү органдар көзөмөлгө алышты.

Негизи мамлекеттик коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча дагы концептиалдуу ой-пикирлер айтылды. Мисалы, элдик курултай кыймылы менен көп жылдан бери даярдалып келе жаткан “Өнүгүүнүн кыргыз жолу” аталышындагы багыттама концепциянын долбоору тапшырылды. Мен төрагалык кылып, андан тышкаркы үч мүнөттүк убактымда бир топ маселелерди көтөрүп, тарыхыбыздагы, мамлекеттик тилдеги көйгөйлөрдү айттым. “Арсланбабда хандардын, бектердин сөөктөрү тебелендиде жатат. Ошону корукка алып, эстелик, этнографиялык комплексин куруш керек” деген ойду жана Бишкектин жанындагы Боз-Бөлтөк маслесин көтөрдүм. 

    -- Камактагы саясатчы, активисттер боюнча кандай пикир айтасыз?

-- Абакта жаткандарды экиге бөлүп караш керек. Революцияга үндөө – бул Конституцияга туура келбейт. Аны мыйзамга жараша талдасак болот. Ал эми эркин ой айткандарды эле камай берген туура эмес. Билим берүүдө этнопедагогика менен илимий педагогиканы эриш-аркак кайра карап чыгуу маселесин көтөрдүм. Кыскасы, бул өткөн курултай элдин жүрөгүндөгү көйгөйлөрдү ачык айтууга, талкууга койгон жыйын болду. Жакында элдик курултайдын мыйзамы кабыл алынып калса, ырааттуу жол менен мындан ары да өнүгөт деген ойдомун.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер