Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жаш толкундар” адабий-чыгармачылык ийрими жана Байдылда Маленов

“Жаш толкундар” адабий-чыгармачылык ийрими жана Байдылда Маленов

17-сентябрь, 22:06
709 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасында “Жаш толкундар” адабий-чыгармачылык ийрими педтехникум кезинде (1927), кийин университет (1928) деген статуска ээ болгондон бери жана азыркы күнгө чейин ишин улантууда. Көпчүлүк адабиятчы-окумуштуулар адегенде “Жаш толкундар” кружогу, же адабий ийрими, кийинчирээк адабий-чыгармачылык ийрим деп, азыркы учурда аталган ийрим республикалык деңгээлге көтөрүлүп, жалпы университетте, борборубузда билим алган таланттуу чыгармачыл студенттердин катышуусу менен “Жаш толкундар” адабий-чыгармачылык ийрими” деген эмблемасы аркылуу таанылууда. Мына ушундай адабий-чыгармачылык ийримдин 50, 60, 85 жылдыгы тууралуу акын-жазуучулардын, окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн пикирлери басма сөздөрдө жазылып келген маалыматтар бир кылымдык тарыхты камтыйт. Ар бир айтылган пикирлерде “Жаш толкундар” адабий ийриминин баскан узак жолунда канчалаган тарыхый мааниси бар мезгилди башынан өткөрүп, ошол аралыкта ийримде катышкан акындардын дээрлик көпчүлүгү “эл акыны”, “эл жазуучусу” деген наамга жетсе, айрымдары сынга кабылып, чыгармалары жарыяланууга жол бербеген көрүнүштөр болгону менен ийримдин жетекчилери мезгилдин талабына ылайык ошол учурдагы таланттуу студенттердин бирин-экин ырларын жергиликтүү басма сөздөрдө жарыялоого жетишкен. Мына ошондой бир кылым тарыхтын изинде “Жаш толкундар” адабий-чыгармачылык ийрими тууралуу жазган акын-жазуучулардын, изилдөөчү-окумуштуулардын, жетекчилердин аткарган иштеринин ар бирөөнүн өз алдынча кошкон салымдары бар. Өткөн кылымдын 1927-жылдары КУУнун тарыхы менен бирге кыргыз филологиясы факультетинде кыргыз адабияты кафедрасында “Жаш толкундар” адабий-чыгармачылык ийрими түзүлүп, ал ийримди алгач жетекчиси Кыргыз эл акыны Аалы Токомбаев баштаган, айрым пикирлерде М.Элебаев, андан Смар Шимеев (1950), К.Укаев (1950-1953), белгилүү методист, профессор К.Иманалиев (1954-1965), сынчы С.Жигитов (1965-1967), К.Артыкбаев (1968-1987), Б.Маленов (1980), А.Абдыразаков менен К.Байжигитовдор (1988-1994), улук окутуучулар А.Ибраимова (1995-1996), С.Сагидаева (1997-1998), доценттер Б.Баймырзаев (1999-2005), С.Исаева (2006-2010), профессор Садык Тиллебаев (2011-2014), доценттин милдетин аткаруучу М.Сатыбеков (2015-2022), 2022-жылдан бери мен (Н.Турдубаева) жетектеп келебиз. Ошолордун бири катары белгилүү адабиятчы, окумуштуу Байдылда Маленовдун 1980-жылы “Жаш ленинчи” журналынын №10 санынын 22-24-беттеринде жарыялаган макаласын кайрадан окурмандарга тааныштыруу максатында жарыялап отурабыз. Анын «Жаш толкундар» – үмүттүү толкундар” аттуу макаласын өзү жетектеп турган учурда жазган. Автордун бул жазган макаласын толук сунуштайбыз. Аталган макаланын мазмуну мындай башталат: 

“1928-жылы Фрунзе шаарында биринчи жолу Кыргызстан педагогиялык окуу жайы – Кыргыз агартуу институту ачылган. Ал улуттук эл агартуу кадрларын, биринчи композиторлорду, театр ишмерлерин, акын-жазуучуларды тарбиялап чыгарган. Техникумда революциячыл-таптык, патриоттук дух эбегейсиз күчтүү болгон. 1927-жылы педтехникумдун алдында биринчи адабият ийрими «Кызыл учкун» уюштурулган. Бул ийримдин мүчөлөрү Советтик Кыргызстан жазуучуларынын уюткусу болуп калган. Искусство менен адабияттын ар кандай орчундуу маселелери, жазуучулар союзунун иштери ушул педтехникумдун имаратында, «Кызыл учкун» ийрими менен бирдикте өткөрүлгөн. Райкан Шүкүрбеков «Дзержинск көчөсү» деген ырында педтехникумда окуп жаткандар улуу Токтогул менен жолугушуу кечесин уюштургандыгын эскерип, кыргыз элинин улуттук кадырларын тарбиялоодогу анын эбегейсиз ишмерлигин көркөм сөздө күүгө салат: 

...Ойго кетем, 

Ойлобой оңой белең.  

Кыргызга далай акын, артист берген, 

Педтехникум өзүнчө эле лицей экен.

Айтылуу педтехникумдун базасында 1932-жылы 3-октябрда ачылган М.В.Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту мектептер үчүн педагогикалык кадрларды даярдоодо зор роль ойноду. Таланттуу жаштардын демилгеси менен «Кызыл учкундун» традициясын «Турмуш күүсү» адабий ийрими улайт. Ал эми педтехникумдун базасында (1952-жыл) СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргызстан мамлехеттик университети уюшулгандан тартып, анын таланттуу студенттери «Турмуш күүсүнүн», «Турмуш толкундарынын» ишин андан ары өнүктүрүштү. 1970-жылдан бери студенттердин адабий-чыгармачылык ийрими «Жаш толкундар» деп аталат. Азыркы мезгилде «Жаш толкунчулар» байсалдуу иштеп жатышат. Анын оңдогон мүчөлөрү бар. Башкасын айтпаганда да жакында болуп өткөн “Студенттик жаз – 82” чыгармачылык фестивалында биздин студенттерибиз Ж.Саалаев, К.Кулуев, Ө.Тиллебаев фестивалдын лауреаттары болуп калышты. Быйыл коомчулугубуз университеттин 50 жылдык юбилейин өткөрдү. Бул юбилей «Жаш толкундар» чыгармачылык ийриминин тарыхына да таандык” деп жазып келип, азыркы учурда белгилүү акын катары таанылган Жедигер Саалаевдин “Өрдөк эле мээнеттен талыбаган”, Алик Акималиевдин “Балдар”, Сайрагүл Касымованын “Апама кат”, Бурулкан Сарыгулованын “Балалык”, Барчынбек Бугубаевдин “Китеп”, Өмүрбек Тиллебаевдин “Тууган жер”, Кожогелди Кулуевдин “Жолдор”, Бейманбек Сардарбековдун “Көл кыялы”, Дайырбек Меймановдун “Күзгү ойлор” аттуу ырларын кошо окурмандарга жарыялаган. “Жаш толкундар” адабий-чыгармачылык ийрим жана Байдылда Маленов сыяктуу жетекчилердин жетелөөсүндө жаңыдан өсүп келе жаткан таланаттуу акын-жазуучулардын тушоосун кескен ийрим катары өз учурунда кызматын аткарып келгенин баамдоого болот.


Назгүл Турдубаева, Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер