Кундузгүл Базакеева жетекчиси Аалыбек Акуновго таянып эле өз билгенин кыла береби?


Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинде профессордук-окутуучулук курам беш жыл сайын шайлоодон өтөт экен. Мындан беш жыл мурдагы шайлоодон кийинки чыр-чатактын жыйынтыгы менен ал кездеги ректор Чынара Адамкулова иштен кетиптир. Быйыл да шайлоо болуп, Алла Имакеева, Болот Оторбаев, Болот Касымалиев өңдүү профессорлор баш болгон эки жүздөн ашык профессор, доценттер, окутуучулар конкурстан өтпөй калган. Себеби шайлоо калыс өтпөй, шайлоо учурунда эсептөө комиссиясы тарабынан көз боёмочулуктар болгон. Баарынан жаманы, окумуштуулар кеңешинде чечим мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундузгүл Жаманчаевна Базакеева башында турган декандардын “мафиясы” тарабынан кабыл алынып, кимди өткөрүш керек, кимди өткөрбөш керек (?) деген маселени ошолор чечишет экен. “Ректор Канат Садыков качан эле демилгени декандардын “мафиясына” алдырып, ошолордун айтканын жасап, оозун ачып отурат” дешти. 2020-жылы профессор Каныбек Осмоналиевди “кабыл албайбыз” деп чуу көтөрүп, ректорду “сактап” калган да ушул декандар “мафиясы” болуптур. Бул декандардын ушундай “сиңирген эмгектери” үчүн Канат Садыков аларды Кытайга саякатка да жибериптир. Алар Пекинде чартаңбай тебишип, Хилтондо жатып алып, маслахат курушуп, “улуттук университетти ректор эмес, биз башкарабыз” деп чечим кабыл алышкан деп айтып жүрүшөт. Ректор Канат Садыковдун беш жылга шайланган мөөнөтү бүтүптүр. Бул билерман декандар “сырттан эч кимди кабыл албайбыз, өзүбүздүн корообуздан кочкор салабыз” деп Кундузгүл Базакееваны ректорлук кызматка түртүшүп, анысы көлдүк абаларын ортого салып, чачын кыздардыкындай узун өстүрүп, өрүп, эпатажный болуп кеткен илимий жетекчиси Аалыбек Акунов менен акылдашып жүрөт (!) деген кептер бар. Улуттук университетти каалагандай калчап жаткан декандардын “мафиясы” бийлей береби? Деги алардын тизгинин кагып, тартипке сала турган киши барбы?
"Азия Ньюс" гезити











