Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбек Дүйшөбаев: “Укук коргоо органдары биздин активисттерге кысым жасады”

Кеңешбек Дүйшөбаев: “Укук коргоо органдары биздин активисттерге кысым жасады”

23-июль, 12:00
406 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кеңешбек ага, Талас эли “Бириккен демократиялык кыймылдын” (БДК)  мүчөлөрүн, сиздерди кандай кабыл алды?

-- 16-июлда БДК мүчөлөрү жана башка көрүнүктүү саясатчылар, жарандык коомдун активисттери Талас облусунун "Шумкар уя" деген жеринде 2010-жылдын апрель айындагы элдик революцияда шейит кеткен мекендештерибизге арналган куран окутуу зыйнатына катышып келдик. Ал иш-чараны шейит кеткен баатырларыбыздын жакындары демилгелешип, уюштуруу жана каржы маселелерин биздин кыймылдын Талас облусу боюнча мүчөлөрү чечишти. Биз дагы колдон келишинче жардам бердик. 

-- Ал жерде да сиздердин (БДК) идеяны колдогондор бар бекен? Жолугушууда эмне жөнүндө сүйлөштүңүздөр?

-- Иш-чарага 400гө жакын адам катышты. Бизди эл абдан жылуу кабыл алды. Ал жерде айтылган сөздөр, сунуштар, саясый, экономикалык, коомдук жагдайларга берилген баалар катышуучулар тарабынан туура кабыл алынып, колдоого алынды. Жыйынтыгында, тийешелүү резолюция кабыл алынып, соцтармактарга, ЖМКга жарыяланып, азыр кызуу талкууга алынып жатат. 

-- Бийлик тараптан кысым болдубу? Кийинки кадамыңар кандай болмокчу?  

-- Бул иш-чара уюштурулуп жана өткөрүлүп жатканда, укук жана тартип органдары тарабынан аябай көзөмөлгө алынып, биздин жергиликтүү активисттерибизге басым-кысым жасалып жатты. Бирок, жигиттерибиз эч кандай провокацияга алдырышпастан, баарын мыйзам чегинде, коомдук тартипти бузбастан, өз орду менен болушту. Эми биздин кыймылдын мындан кийинки аракеттери чыгарылган чечимдердин негизинде, мыйзам талаасында ишти улантат.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер