Акыркы кабарлар
» Коом » Парламенттик шайлоо менен кошо айрым аймактарда жергиликтүү кеңештер да шайланат
Парламенттик шайлоо менен кошо айрым аймактарда жергиликтүү кеңештер да шайланат
29-сентябрь, 12:00
1 316 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешине, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоону 2021-жылдын 28-ноябрына дайындоого токтом кылынган.
“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоону мыйзамга ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды” деп жазылат маалыматта.