Соке 9-майда Садыр Жапаровду дагы ээрчип чыгып, кедергисин тийгизгени талкууда
7-апрелде, 9-майда Сооронбай Жээнбеков президент Садыр Жапаровду ээрчип алып, улам “эски жаратты сыйрыгандай” образ жаратып, талкууга жем таштоодо. Кой-Ташта, Октябрь төңкөрүшүндө жабыр тарткандар, алардын тарапташтары нааразычылык жаратышууда. Соке үч жылдык доорунда кылган тескери иштери, бийликтин күчү менен кысым жасаганы, көпчүлүккө жасаган кыянатчылыгы кайрадан козголуп, тескери пикир козуп баратат. Коомчулук нааразы. Мындай шартта Садыр Жапаровдун рейтингине көлөкө түшүрүп, жамандыгы тийип атканы жалганбы? “Сокенин орду резиденцияда эмес, түрмөдө!” деп какшагандарды кантебиз? Жакын адамдары да тийешелүү жоопкерчиликтерге тартылышпай, тайраңдап жүрүшкөнү өзүнчө кеп. Кыскасы, экс-президент деген атка татыбай, догурунуп президенттин жанында баса берсе, аягы кандай болот?..
"Азия Ньюс" гезити