Акыркы кабарлар
» Саясат » Марат Иманкуловду күч органдары тоготпосо, коопсуздук кеңеши кимге керек?
Марат Иманкуловду күч органдары тоготпосо, коопсуздук кеңеши кимге керек?
28-март, 20:05
507 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Сыртынан билинбейт да, кызык эй! Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловду мамлекеттик иш-чаралардан көрүп калабыз. Алдыңкы катарда отурат. А жумушу болсо артта калыптыр. “Аты улук, супарасы курук” дечү эле. Айтор, мекемени заты жок, пайдасыз кызматка айландырдыбы? Маселен, коопсуздук кеңешинин катчысы күч органдарына суроо-талаптарды коюп, координациялап, багыт берип, аларды тескеп турушу керек да. Тилекке каршы, Марат Иманкуловду эч ким тоготпогону эмнеси? Өз милдетин мыйзамдын алкагында аткара албаса, аброю бар, системага таасир эткен башка жетекчини алып келиш керек да, туурабы? Же элге жүк кылбай, коопсуздук кеңешин жоюп жиберсеңер кандай? Эки жолдун бирин тандайлы. Качанкыга чейин мамлекеттик даражалуу кызматты кор кылабыз?
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити