Райымбек Матраимов белдүү жигит, таянган Кудайы, алган багыты бар...
Батыштын акырынан “жем жеген” ЖМКлар Райымбек Матраимовду бир жактуу каралоого алышканы менен медалдын экинчи бети бар. Кайсы тарап маалыматтык чабуулдун үстөмдүгүн жүргүзсө, алардыкы чын чыгып калбайт да. Бир жактуу баа берүү менен адамдын укугун басмырлоого алдырганыбыз эч бир стандартка туура келбейт. Негизинен алганда, ар кыл айтылган көз караштарды ээрчип кете берүү акылга да сыйбайт эмеспи. Кандай гана талкуу жаралбасын, калыс ой жүгүртүү менен тыянакка келмейинче талаш-тартыш, кызыл-чеке улана берет. Соңку окуялар боюнча Райымбек Матраимовдун пикирин уга элекпиз. Ал эмнени ойлоп атты болду экен? Эгерде өз чындыгын айтса, кырдаалга кандай таасир этет? Акыры биз билбеген көп нерселер ачыкталышы мүмкүн...
Коомчулуктун кайсы бир бөлүгү ээрчиме болуп бүтпөдүбү, алгач ким каралоого батынса эле ошол тарапка бурулуп кете беришет. Бир адамдын тагдыры менен ойноп, ушундай адатты өнөкөткө айландырып, көпчүлүккө таңуулагандын өзүндө мандем жокпу? Кайсы бир максатка жетүү, же саясый кызыкчылыктар үчүн баягы эле Райымбек Матраимовду “курмандыкка чалуу” аракеттери суу кечпей калсачы? Жалган жашоонун оомал-төкмөлү түгөнбөйт, убакыттын өтүшүнө жараша көп боёктордун түсү өзгөрүп, акырында чыныгы картинаны көрүшүбүз ыктымал. Саясат сымап сымал ойноп турарын унутпайлы. Ансыз да кыргыз коомчулугу башынан күтүүсүз көрүнүштөргө бай. Кеп аны актоо, калкалоодо эмес, адилеттүү баа берүүдө. Кыргыз элинин даанышмандары кара кылды как жарган калыстыкка таянып келишкен. Мына ошол ортодогу алтын сызыктын алкагында ой жүгүртүүгө батынып, далалат кылып көрбөйлүбү?
Кыскасы, Райымбек Матраимов белдүү жигит, таянган Кудайы, алган багыты бар... Бүгүнкү оош-кыйыш, кыйың кезең да өтөт. Сыноону сабырдуулук менен гана жеңерине ишенели.
"Азия Ньюс" гезити