Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Акылбектин триллиондору, Ташиевдин темирдей эрки”

“Акылбектин триллиондору, Ташиевдин темирдей эрки”

13-апрель, 12:16
672 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Учурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров экономикага, ал эми орун басары Камчыбек Ташиев күч түзүмдөрүнө жоопкер экени белгилүү. Бул эки жетекчинин ишмердүүлүгүнө кандай баа бере аласыз? 

Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу:
-- Президент Садыр Нургожоевич Жапаров бийликке келгенде өтө татаал системалык реформаларды баштады. Мурунку президенттер капиталистик социализмди (капсоц) курууга аракеттенишкен, азыр Кыргызстанда социалисттик капитализм (соцкап) деген жаңы, гибриддик саясый-экономикалык модель түптөлүп жатат.
Албетте, Акылбек Үсөнбекович Жапаровдун терең, фундаменталдуу билими, тажрыйбасы, финансалык көрөгөчтүгү бүгүнкү күндөгү макроэкономикалык ийгиликтерге пайдубал болуп берди. (ВВП триллионго жетти, бюджет жарым триллиондон ашты, профицит пайда болду, бүт аймактарда жаңы курулуп жаткан ГЭСтер, жолдор, мектептер, ишканалар жайнап кетти).
Ал эми күч түзүмдөрдө түп-тамырынан өзгөрүүлөрдүн болгону, элдин алкышына татыганы – бул Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевдин темирдей эрки, саясый тажрыйбасы катары бааланууда. (Жүз миллиарддан ашык акча каражат мамлекеттин капчыгына кайтарылды, уюшкан кылмышкерлер жоюлду, коррупциялык көрүнүштөр дээрлик басымдуу бөлүгү токтотулду). 
Азыркы бийлик "эки тизгин, бир чылбырдай" болуп, кыргыз мамлекетинин Ак Куласын элдин жыргалчыгы үчүн алдыга чаап бара жатат.

Алмаз Тажыбай, саясат талдоочу:
-- Акылбек Жапаров экономиканын абалын жакшыртууга өз ишин дурус эле аткарып жатат, ички дүң продукциясы 6,2% өстү, бирок ошону менен инфляция токтогон көрүнүшү да жок эмес. Бул негизги көрсөткүч, бирок социалдык жана экономикалык абалды алдын ала жүргүзгөнгө жетишпей жаткандай. Анткени кабминдеги кээ бир мамлекеттик органдардын башчыларынын ишмердиги популизм менен эле алек. Ошондуктан жетекчи катары Акылбек Жапаровдун көпчүлүгүнө тиши өтпөй же колу жетпей жатканы байкалат. Албетте, чиновниктердин начар ишмердиги же өз функциясын так аткарбаганы эл арасында нааразычылыкты жаратат. 
Экономиканын өсүшүнө сөзсүз түрдө жемкорлук түз таасир этет. Ошондуктан УКМК башчысы Камчыбек Ташиев экономикага шарт түзүү жолунда жемкорлук менен аракеттенген чиновниктерди бийликтен тазалап, айрым бизнесмендерди да кармап, “кустуруп”, андан тышкары, кримтөбөлдөр менен уюшкан кылмышкерлердин топторуна каршы күрөшкөнү, УКМК кызматкерлеринин материалдык абалын жакшыртуусу жакшы көрүнүш болуп саналат. 
Бирок, экономикага таасири жок саясый иштери өлкөдөгү экинчи саясатчыны идеалдаштырбайт. Мисалы, оппозицияга жана ЖМК өкүлдөрүнө көрсөткөн куугунтук, бийликке нааразы болгон жана ачык пикирин билдирген маданият ишмерлерге жана жарандарыбызга каршы жасалган чаралар өкүндүрөт.
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер