Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев: “Ташиев менен Келдибеков “Ата Журттан” чыгышса, партия чачырап кетет”

Исхак Масалиев: “Ташиев менен Келдибеков “Ата Журттан” чыгышса, партия чачырап кетет”

29-май, 23:59
1 392 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Россиялык саясат таануучу Александр Кынев Кыргызстандагы партиялык системанын жок экенин баса белгилептир. Сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Башка партияларга карата туура эле. Бир гана коммунисттер партиясына тийешеси жок. Себеби, биз бийликте эмеспиз, четте турабыз. 2-3 миңдей активдүү мүчөлөрүбүз бар, алардын баары идеология менен байланышкан. Ал эми калган партиялардыкы жеке адамдын атына байланыштуу. Андыктан, вождизм деген негизи туура эле. 260тан ашуун партия бар. Мындайча айтканда, ар бир аты чыккан саясатчынын партиясы болуп атат. Ал эми идеологияга негизделген, программасы бар партиялар сааналуу эле. Партиялык курулуш эми башталды десек жаңылбайбыз. 

-- Дале система курулбаса, анда эгемендик алган жылдар бөөдө кеттиби?

-- Биз кыйшык жолго түшүп алдык да. Кичине эле саясатка аралашсаң “эл менен жакшымын” деп ишенип алат экенсиң. Кызматтан кеткенде, же депутаттыктан кеткенде эле партия түзө коюшат. Партиянын негизги уюткусу, колдоочулары достору, же туугандары болот. Андыктан, Кынев туура айтат. Мисалы, Атамбаев кетти эле КСДП эмне болду? Эгер Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков кандайдыр бир себеп менен “Ата Журттан” чыгышса, алар да чачырап кетишет. Бийликте болгон “Алга Кыргызстан”, “Акжол”, КСДП партияларынын тагдырын карагыла. Лидери жок – партия да жок. Бул эми мактаныш эмес, жалгыз гана коммунисттер партиясынын программасы, баалуулуктары бар. Бирок, биздин партияга деле Абсамат Масалиевдин аты чоң колдоо болчу эле. Азыр деле ошондой. 

-- Сиз азыр депутаттыктан кетпедиңизби, эмне менен алек болуп атасыз?

-- Азырынча дыйканчылык эле, башка ишим жок. Өзгөчө кырдаал бүткөндө коммунисттер менен жолугушуп, шайлоо боюнча пикир алышабыз, акылдашып көрөбүз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер