Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Филиппиндеги тайфун 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алды

Филиппиндеги тайфун 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алды

20-декабрь, 17:41
869 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Филиппиндеги "Рай" тайфунунан каза тапкандардын саны кеминде 208 кишиге жетти. Бул соңку бир жыл ичинде Түштүк Чыгыш Азиядагы аралдардын тобунан турган бул мамлекетке зыян алып келген эң кубаттуу тайфун болуп калды.

Улуттук полициянын өкүлдөрү 20-декабрда билдиргендей, жаратылыш кырсыгынан 240тай адам жараат алды жана кеминде 52 кишинин дайыны чыкпай жатат. Тайфун бир нече шаар жана провинциядагы байланышты үзгүлтүккө учуратты. Кырсыктан эң көп жабыркаган аймактарга кошумча күчтөр жөнөтүлдү. Аман калган тургундар таза сууга жана тамак-ашка муктаж экенин айтып жатышат.

Кызыл чырым уюму билдиргендей, "Рай" тайфуну Филиппиндин деңиз жээгиндеги аймактарга көбүрөөк зыян алып келип, турак жайларды, мектептерди жана ооруканаларды кыйраткан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер