Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Парламенттик шайлоого кандай жолду тандасак ыңгайлуу?

Парламенттик шайлоого кандай жолду тандасак ыңгайлуу?

08-ноябрь, 12:55
505 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мелис Арыпбек, публицист:

-- Албетте, бир манданттуу жол гана ылайыктуу экенин мезгил өзү далилдеди. Ага чейин түп-тамыры менен партиялык система менен бычылган. Текебаев мыйзамын жоюп, жапжаңы эл өзү иштеп чыккан кыргыз нарктуу Башмыйзамды элдик курултай аркалуу кабыл алуубуз зарыл...

Замир Айылчиев, жарандык активист:

-- Түрдүү пикирлери менен депутаттар элдин башын тегеретти. Менимче, пропорционалдуу 3% барьер, 1 млн. сом төлөм жана 70 депутат болсо жетет. Перспективдүү, билимдүү депутаттар келмек. Бул сапар элдин үмүтү чоң болуп турат. Бул ирет да ишенимден кетүү элге оор тийет. Ошондуктан “жети өлчөп, бир кесип”, эл адамдарын парламентке алып келүү милдети турат. 

Ренат Самудинов, жарандык активист:

-- Парламенттик шайлоого пропорционалдык жана преференциалдык система менен барыш керек. Себеп дегенде, лидерлер бекиткен тизме эмес, элдер партиянын ичинде эле өз каалаган адамына добуш бере ала турган системаны тандаш керек. Ошондо эмгеги сиңген, чыныгы иштерман эл өкүлдөрү тандалат. Можаритардык система  кечээ күнкү биздин тарыхыбыз. Кайра тырмооч менен бир жерди баса берүүдөн жыйынтык деле чыкпайт. Убагында Аскар Акаевден башка адам президент болуп калганында (диктатор), күчтүү саясатчылар кайдан баш көтөрмөк? Акаев демократ, илимпоз, жумшак болчу даАйбаттуу оппозиционерлерди көчөдө эмес, парламентте кармагандыктан, ошол учурда күчтүү саясатчылар парламентке келгенине күбө болгонбуз. Азыр деле ошол учурга окшош, бирок партиялык система менен барса, ал жакта квоталар, көп нерселер каралат. Кыскасы, мамлекетти парламенттик система менен алдыга жылдырууну туура деп ойлойм. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер