Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бир кездеги финполдогу шопур Акылбек Түмөнбаев байбачага айланганда

Бир кездеги финполдогу шопур Акылбек Түмөнбаев байбачага айланганда

20-сентябрь, 15:24
766 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Депутат Акылбек Түмөнбаев Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү жана “Киргизиядагы” үйлөрүн катар буздуруп, ордуна хансарайларды салып атканы кабарланды. “Кудайдын кулагы сүйүнсүн” дечү беле? Учурда бийликтин таасири менен катуу байып бараткан чагы. Үй-бүлө мүчөлөрү катар-катар кымбат баалуу жолтандабастарды тебишти. Баардык тарабынан ташы өйдө кулагандай. Жумушка орношуу, бизнес өркүндөтүү ж.б. жагынан Акылбек Түмөнбаевге “демөөрчүлөрдүн” кайрылып калышканы кандай? Замандын өзгөргөнүн карачы? Убагында “каарманыбыз” финполго шопур катары ишке кирип, жогорку окуу жайын сырттан бүтүрүп, көптүн арасында эле жүрчү. Оомат келсе билим, тажрыйба деле каралбайт тура. Чиркин дүйнө! Жыргал жашоо канчага чейин созулат болду экен? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер