Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Тажибай: “Казакстан өрткө жакындаса күйүп калышы мүмкүн”

Алмаз Тажибай: “Казакстан өрткө жакындаса күйүп калышы мүмкүн”

27-июнь, 09:00
374 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Россия менен Казакстандын ортосунда муз тоңду” деген пикирлер айтылууда. Сиз кандай ой жоруйсуз?

-- Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Санкт-Петербургдагы экономикалык форумдун жыйынтыгында Путиндин көзүнчө Кремлдин негизги пропагандисттеринин бири Симоньяндын суроосуна “ЛНР менен ДНР жана БУУ чечими менен колдобогондор башка мамлекеттерди да колдобойбуз” дегени Казакстандын кызыкчылыгын сактоо үчүн айтылды жана кандайдыр бир сенсацияны жараткан жок. Бул жооп нейтралдуу позиция болуп саналат. Бирок ушул окуядан кийин Казакстандын мунайзаттарын (нефтисин) Европага кетишин Россия шылтоо менен убактылуу Новороссийск түтүктөн токтотуп койгону Токаевге жана казак элине эскертүү болуп саналат.

Казакстан Россиядан чочулап турат. Ошондуктан тышкы саясатын башка мамлекеттер менен да ар тараптуу жүргүзгөн концепциясы туура болуп чыкты. Астана Москвадан акырын аралык кармаганы жакшы болот. Эгерде абдан жакындаса Батыштын санкциясына кабылышы мүмкүн. Ошондуктан Токаев башка өлкөлөргө барып, Казакстандан чыккан ресурстарын альтернативалык логистикалык жолдорун издеп жаткан көрүнөт.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер