Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турганбаевдин үстүнөн Жунушалиев текшертип атса, бир мандем таап чыгабы?

Турганбаевдин үстүнөн Жунушалиев текшертип атса, бир мандем таап чыгабы?

11-ноябрь, 13:26
1 854 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Олуттуу суроолор жаралды... Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев тапшырма бербесе, милициялар өздөрү эле ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаевдин өткөн чактагы жана учурдагы ишмердигин, өзөчө жатак абагына чыккандарды тыкыр иликтешет беле? ИИМдин ишенимдүү жасоолдору Турганбаевдин үстүнөн материал топтоп атышканын кандайча түшүнөбүз? 

Эске салсак, буга чейин ИИМдин басма сөз кызматы “Манас” аэропорту жактан өлтүрүлгөн ишкерге жатак абагындагылар шек саналганы боюнча маалымат беришкен. Турганбаев аларга карата сын-пикирин билдирип, милиция иштебей атканын айткан. Ошентип, эки генералдын карама-каршылыгы коомчулукка ачыкталып, тирешүүсү башталганын эшиткенбиз. (ЖМКлар аркылуу сокку урушуп.) Эми болсо тымызын компромат чогултуу аракеттери башталса, аз күндө бири-бирине “бомба” жарышы ыктымал. Буга чейин маалыматтык согуштан Турганбаевдин утуп келатканына күбө болгонбуз. Натыйжада, Жунушалиевдин “чукутмайына” жооп береби? Өжөр Меке өлбөгөн жерде калса керек...

Баса, эки генералдын чатагы ырбап кетсе, президенттик аппарат кандай баа берет болду экен?


Aryba.kg  

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер