БШК төрайымдыгына Нуржан Шайлдабекованын кайрадан шайланышы кечиримсиз!
Былтыр күздөгү парламенттик шайлоонун ыплас өткөнү маалым. Административдик ресурс колдонулуп, сатып алуулар чектен ашкан. Өзгөчө бийлик партиялары ашынып кетишип, мандаттарды күчкө салуу менен гана бөлүп алышканы эсибизде. Карайлаган карапайым калк жарылып, бийлик алмашуу таризинде төңкөрүш жасалган. Жоготууларга учурадык! Бул кейиштүү окуяга БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова башкы күнөөкөр катары белгилүү эле. Албетте, ийне-жибине чейин чечмелөөнүн кажети жок. Элибиз баарын билет. Дал ушундай саясый чоң ката кетиргенден кийин Шайлдабекова сыйы менен кызматын тапшырып, токтоосуз кетиши керек эле. Тилекке каршы, былтыртан бери креслосуна жармашып, өткөн жумада кайрадан БШК төрайымдыгына шайланып алды. Президенттик аппараттын тандоосу болгону талашсыз. Бийлик эски каталардан арыла албай, дал ушул дайындоо аркылуу акылдан азап чегүүдө. Убагында Алмазбек Атамбаевге, кийин Сооронбай Жээнбековго кызмат кылган, шайлоолордогу мыйзамсыздыкка, адилетсиздикке көз жумган Нуржан Шайлдабекова эми Садыр Жапаровдун “кол жоолугуна” айланганы баш чайкатат. Бул жагынан коомчулукта нааразычылык күчөп баратканы, убагы келгенде чийинден чыгып кетпейби?..
"Азия Ньюс" гезити