Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан Орозбаев: “Ош шаардык кеңешине аттанган партиялардын дараметин, сырын билесиңби?”

Мирлан Орозбаев: “Ош шаардык кеңешине аттанган партиялардын дараметин, сырын билесиңби?”

26-июнь, 19:49
3 096 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ош шаарында канча партия ат салышууга аттанганы турат, алар кимдер?

-- Азыркы учурда Ош шаардык кеңешке 9 партия ат салышуу үчүн каттоодон өттү. Эгерде аларды үстүртөн карасак, баягы эле админресурсту колдонгон же админресурска таянган партия “Ата Журт Кыргызстан”. Өзүңүздөр билгендей, буга чейин 45 мандаттын ичинен 28ин мурдагысында ээлеп алышты эле. Бирок, президенттин саясый эрки менен шайлоо жокко чыгып, азыр нөлдөн башталып отурат. Ошол эле учурда Ош шаарына эле 13,5 миллион сом шайлоого кеткен акча асманга учуп кетти. Мындай коромжуга ким жооп берет (?) деген суроо ачык бойдон калууда. Андан сырткары, ошол эле “Ата Журт Кыргызстан” партиясы админресурска кантип ишенет? Шаардык мэрияда отургандар, баягылар эле катышып атышат. Вице-мэри баш болуп же чоңдордун ага-туугандары, ар кайсы фирмада иш алып барып аткан тааныш-туунуштарын талапкер кылып түртүп, бийликтин партиясына ыктап, ошолордун айынан баягы эле жыдыган көрүнүш болгону турат. 

-- Админресурска таянбай, бийлигине, байлыгына таянган партиялар да болсо керек?

-- Экинчи бөлүктө тургандар – булар кызматына ишенгендер. “Бир бол” партиясы, “Ынтымак” партиясы жана “Биздин Кыргызстан” партиялары. Булардын лидерлери учурда Жогорку Кеңештин депутаттары. “Биздин Кыргызстан”, “Келечек” жана “Нур” партиялары буга чейин эч жерде аты-жыты чыкпаган партиялар эле. Моралдык жактан алып караганда жаңы шайлоого кошулушу адилетсиз көрүнүш болуп турат. Себеби, мурунку шайлоого катышкан партиялар бир аз алсырап турган учурда жогорудагы аты аталган үч партия жаңы күч менен экинчи раундга урушка түшкөндөй түр калтырып атат. “Биздин Кыргызстан” партиясынын лидери “Ихлас” курулуш компаниясынын ээси.

-- Ош шаардык кеңешке чамынып аткандардын арасы суюлуп кеткен сыңары...  

-- Ушу кезге чейин элге эмес, өзүнө эмес, бай, капчыктууларга ишенген “Ыйман Нуру” деген партия аябай жакшы чыкты эле. Бир күндүн ичинде жок болуп кетти. Андан сырткары, “Ишеним” деген партия катышпай калды. Мунун артында Ош облусунун губернатору турат эле. Анан “Республика” партиясы оюндан четтеп кетти. Себеби, анын лидери Өмүрбек Бабановго кылмыш иши козголгонго байланыштуу болуп калды көрүнөт. 

-- Чоң жарышта дагы кайсы партияларды атабай кеттиң?

-- Бу жерде мэрлердин, экс-мэрлердин партияларынын күрөшү болуп атат. Мелис Мырзакматовдун “Улуттар Биримдиги” жана буга чейин айтылып келген “Ата Журт Кыргызстан” партиялары. Ал ортодо Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясы да чоң жарышта жок эмес. Баарына салыштырмалуу “Улуу Журт” саясый партиясы капчыктуу эмес, элге ишенгендер жана аркасында “шефи жок” деп эсептелген партия катары айта алам.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер