Мен “бакадай” эмесмин... Эгер баш кошсок, сизге Range Rover сатып берем!


(Айзада Жамгырчиевага!)
Сиз менен бир тойдо таанышып, кыскача сүйлөштүк эле. Телефон номериңизди бергенсиз... Жумуш көп, командировкага байма-бай каттай берип, жай турмушта жолугууга жетишпей жүрдүм. Жакында бир кафенин кабинкасынан чыгып баратканыңызды көрүп калдым. Артыңыздан жапалдаш бойлуу, “бакадай” болгон жандык кетип баратат. Жакшылап карасам, аны деле тааныйт экенмин. “Достошуп алышканбы?” деген суроо туулду. Көрсө, заман ушундай убактылуу байбачалардыкы тура...
Негизи шоу чөйрөсүндөгүлөрдүн байланыштары көп да. Түшүнөм. Ошол күндөн тарта сиз боюнча сураштырып, таңгалып, бирок түркүн-түмөндүү ушактарга ишене албадым. Себеби, мага жагасыз. Жол тапкыч, шакылдаган, турмуштун ой-кырын түшүнгөн жансыз да. Анан дагы кечелерди алып барганыңызды, чыгармачылыктагы изденүүңүздү баалайм. Мурда кичинекей машине минип жүрсөңүз, акыркы кезде кымбат баалуу “тулпарга” ээ болупсуз. Куттуктайм!
Эми ток этерине келсек, жакында сиз менен жакындан таанышып, жеке каалоомду, арзуумду билдирүүгө ниеттенип турам. Эгерде жылдызыбыз келишсе, түбөлүк жарым кылып алууга даярмын. Экөөбүз турмуш жолун жаңы барактан баштасак, кымбат баалуу Range Rover сатып берет элем. Ооба, бул менин кыялымдагы белегим. Жаштын тилегин берет эмеспи. Буюрса, жолугушуу күнүнө чейин жашай туралы...











