Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыйрак кызыбыз Чынара Мамажакыпованын келечеги бар

Чыйрак кызыбыз Чынара Мамажакыпованын келечеги бар

21-февраль, 19:32
543 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Элинин жашоосун өзгөрткөн, улутунун учугун улаган, караңгыда жол тапкан мыкты кыздар бар. Андай алгылыктуу айымдардан бүгүн дагы уучубуз куру эмес. Алгач кыргыз өндүрүшүнө өз чыйырын салуу менен жолун тапкан Чынара Мамажакыпова кызыбыз менен бир топ жылдардан бери иштешип келебиз. 

Жаштайынан соодага аралашып, чыйрак өскөн Чынара байлык, бийлик менен бактылуулук келбестигин эчак түшүнгөн. Алгач “Керемет келечек” деген жетим балдар үйүн, андан көп узабай аярлуу коомду колдоого алган “Аярзат” коомдук уюмун негиздеп, ар жылы кайрымдуулук иштери кулачын жайып келет. “Алган колдон берген кол артык” деген девизди тутунган Чынара айым коронавирус апааты каптап турган учурда да муктаждарга абдан чоң кайрымдуулук иштерин жасаганы эсибизде. Азыр “Аярзат” коомдук бирикмесинин кучагы кеңейип, дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүндө өз бөлүмдөрү ачылган. Материалдык жактан болбосо да моралдык жактан ондогон мигрант, кыйналган, жол издеген айымдарыбызга жардамы чоң. Кичи мекени Алай жергесин жүрөгүнө аздек тутуп, ар жылы коомго керектүү адистер: мугалимдерге, дарыгерлерге, милиция кызматкерлерине шык берген сыйлыктарды уюштуруп, кичи мекенин, жердештерин алдыга сүрөп келет. 

Чынара кызыбыз саясаттан алыс болбой шайлоолорго катышып, өлкөбүздүн коомдук, саясый көйгөйлөрүнө өз пикирин билдирип, экономика, социалдык камсыздоо, ички иштер министрликтери менен тыгыз иштеп, иштин көзүн таба билгендиги менен айрым министрлердин ишенимине кирип, айлык акысыз эле кеңешчи катары кызматын өтөөдө. 

Ишкерликте алыскы, жакынкы кошуна өлкөлөрдө өнөктөштөрү бар, өндүрүштө иштин көзүн билген, айымдардын, аярлуу катмардын көйгөйүн түшүнгөн Чынара Мамажакыпова учурда баардык жагынан бышып жетилген адис. Бир министрликтин же өлкөбүзгө экономикалык салым кошо турган “Россия-Кыргыз” же “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фондуларындай чоң иштердин арабасын түртүп кетүүгө потенциалы жетет. 

Гендердик теңчиликти сактап, мындай иштин көзүн билген мырза мүнөз айымдарыбызды колдоп алалы!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер