Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбек Камчыбеков: “Кендердин корлору боюнча көйгөйлөр жаралууда”

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Кендердин корлору боюнча көйгөйлөр жаралууда”

11-август, 17:48
662 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы менен маек.

Соңку жылдары кендердин корлоруна байланыштуу көйгөйлөр жарала баштаган. Андыктан жумушчу топту тез арада түзүп, жакынкы аралыкта карап чыгуу абзел. Бул боюнча тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы жооп узатты.

-- “Акыркы эки-үч жыл аралыгынан бери аныкталды” деген кендердин корлору боюнча көйгөйлөр жаралып, айрым инвесторлор иштешүүдөн баш тартканга чейин барганы айтылууда. Бул көйгөй тууралуу адис катары оюңузду уксак?

-- Өкмөттүн чечими менен кабыл алынган, курамы да бекитилген пайдалуу кендердин запастары боюнча иш жүргүзгөн мамлекеттик комиссия бар. Анын жоболорунун негизинде Кыргызстандагы жайгашкан кендерди иштетип жаткан компаниябы же чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан мекемеби, ошолор кендердин корлорун тактап алып келгенден кийин, комиссия карап туруп, мамлекеттин балансына коюшат. Мисалы, бүгүнкү күндө канча тонна алтындын же көмүрдүн кору же канча тонна нефти бар экенин айтышат. Бул комиссия ай сайын болбосо да маселе жаралып калган учурда чогулуп, чечип турушат. Бирок 2022-жылдан бери төмөндөгү көйгөйлүү маселе пайда боло баштады. Негизи 2015-жылдардан кийин ушул комиссия менен аныкталган кендердин корлоруна байланыштуу көйгөйлөр жарала баштаган. Ошол көйгөйлөрдүн бири “Центерра” компаниясы Кыргызстандан кетип, кыргыз элине Кумтөр кенин өткөрүп берип жатканда “175 тонна алтын бар” деп корун бекитип кетишкен. Бул цифра ГКЗнын комиссиясы тарабынан каралып бекитилген. Бүгүнкү күндө 2022-жылдын жыйынтыгы менен ошол аныкталган корду биздин адистер иштетип, бирок каралган жерден 9 тоннага жакын алтын жетпей калды. Бул чоң маселе. Биз ал айтылган алтынды алганда экономикабызга чоң көрсөткүч болмок. Бул жагдай уланып, кайра эле 2023-жылы дагы 2,5 тонна алтындын кору аныкталбай калды. 

Ошондой эле маселе бүгүн “Вертекс” деген компаниянын ишмердүүлүгү менен да байланышып жатат. Себеби 2024-жылдын 1-январына карата “мынча запасыбызды белгилейбиз, 10 тоннадан ашык алтыныбыз бар” деген “Жамгыр” алтын кенинде алтындын кору аныкталбай калып, компания өз ишмердүүлүгүн толугу менен токтотуп, ал жерде иштеп жаткан адамдарды кызматтан кетирип, кеңсесин жаап коюшту. Ушуга окшогон көйгөйлүү маселелер “Жерүйдө”, “Алтынкенде” да бар. 

-- Бул маселелер бүгүнкү күндө кандай чечимге муктаж?

-- Конституциянын негизинде кен байлыктар элдин байлыгы катары айтылып жаткан соң, мамлекет тарабынан жакшы көзөмөл уюштурушубуз керек. Бир кездери маселе коюлган. “Адистердин сунушу менен кенди изилдеп, чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан компаниялардын өздөрүнө да мүмкүнчүлүк бергиле. Кен иштетип жаткандардын укуктарын карап, алардын коштоосунун негизинде иш жүрсүн” деген пикирлер айтылган.

Николай Богдедский деген адамдын демилгеси менен 2015-жылдан тартып ГКЗнын (кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссия) иштеринде чоң өзгөрүү пайда болгон. Ошол компания “биздин момунча запастагы кенибиз же металлыбыз бар” деп алып келсе, биз макулдугубузду берели. Себеби, милдеттенмесин өздөрү алып жатат” деген пикирдин негизинде ГКЗ жаңыча ишмердүүлүктө иш жүргүзө баштаган. Ошол кезде биз: “Мындай кылганга болбойт. Кийин көйгөлөр жаралышы ыктымал” деген пикирибизди билдиргенбиз. Бирок, тилекке каршы, учурдагы көйгөйдү жараткан чечимдер кабыл алынган. 

Бүгүнкү күндө Кумтөрдөгү аныкталбай калган алтын, эң негизгиси, “Вертекс” деген компаниянын жабылып калганынын натыйжасында, запас аныкталбай, ал жерде иштеген жүздөгөн, миңдеген адамдар жумуш орду жок калды. Алар ошол жерден айлык алып, бюджетке салыктар убагында төлөнүп турган. Ошол аныкталбай калган корлордун негизинде компания жабылып жатса, “мынча тонна алтын алабыз” деген жерден анча тонна алтын алынбай калса, бул чоң көйгөй да. 

Мен адис катары айтсам, министрликтердин, “Кыргызгеологиянын” жетекчилиги менен да сүйлөшүп, муну оңдобосок болбойт. Же компания толугу менен милдеттүү болуп, кепилдик менен келиши шарт, же ГКЗ комиссиясы мурдагыдай эле профессионалдуулук менен текшерип, запасы баланска коюлгандан кийин ГКЗ жооп бере тургандай болушу зарыл. Бир мезгилдерде ГКЗ алтындын кору үчүн жооп берчү. Себеби, ошол эле Кумтөр кени боюнча дагы “Центеррадан” мурунку “Камеко” компаниясы иштетип жатканда “алтындын кору аныкталбай жатат” деп кыргыз өкмөтүнө кайрылышып, кыргыз өкмөтүнүн тапшырмасы менен геология кызматкерлери Распопов, Никаноровдордун катышуусунда “Камеконун” жетекчилерине, адистерине далилдеп берген мезгил болгон. Ошондуктан компания өзү жоопкерчиликти алгандай жагдайды түзүшүбүз шарт. Министрликтин, “Кыргызгеологиянын” жетекчилери менен сүйлөшүп, ушул маселени жакшы бир жагдайга койбосок, 2022-жылы жаралган көйгөй кийин дагы улана берери айдан ачык. Андыктан, жумушчу топту тез арада түзүп, жакынкы аралыкта карап чыгуу зарыл.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер