Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Биримдик” №1. Шайырбек Жусупакмат уулу: “Биз өнүккөн Кыргызстанды курабыз!”

“Биримдик” №1. Шайырбек Жусупакмат уулу: “Биз өнүккөн Кыргызстанды курабыз!”

01-октябрь, 14:15
775 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ата-эне тарбиясы - мен үчүн чоң мектеп 

-- Кулжанын Чалма деген айылында жарык дүйнѳгѳ келгем. Балалыгым айылда жана анын тоолорунда өттү. Токсонунчу жылдары жалпы эле элде кыйынчылыктар болуп, айылыбыз менен бирге арпа, жүгөрүдөн нан жасап, аны ченеп жеп калганбыз. Ошол мезгилде айылда уурулар көбөйгөн, алар ун, нан жана башка дан азыктарын уурдашат эле. Азыр ойлосом, жокчулуктун кесепетинен уурдашчу экен. Менин эсимде уурулардан сактануу үчүн атам темирден жашик жасатып, дан азыктарын ошол жашикке сактай баштаганы калыптыр. Турмуштун кандай шарты болбосун, ар-дайым ынтымакта болгон ата-энемдин сабырдуулуктары, талыкпаган адал эмгектери жана таза, кулк-мүнөздөрүн көрүп чоңоюу мага берилген эң чоң тарбия деп билемин. 


Ишке ашкан кыял 

-- Бала кезимдеги кыялым укук коргоо органдарында кызмат кылуу болгондуктан, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына конкурстук негизде кабыл алынып, төмөнкү кызматтарды аркаладым: 2015-жылдан бери прокуратура тармагынын стажер-жардамчысы кызматынан баштап, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору кызматына чейин баскычтарды басып ѳттүм. Акыркы алган класстык ченим 2- класстагы юрист. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйругу менен Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы кызматын ээлеп турганымда ыйгарылган. 


Эртеңибиз үчүн саясатка барууну чечтим 

-- Баардык эле мекенин сүйгѳн жарандардай мен дагы элибиздин эртеңки келечеги кайдыгер калтырбагандыктан саясатка аттандым. Биздин партиянын программалары жѳн эле кагаз бетинде жазылып, же эл арасында айтылып эле калбайт. Аларды ишке ашыруу механизмдери дагы бар. Ал эми идеологиясы менин көз карашыма абдан дал келет. Келечек - бул ар бир ѳткѳргѳн күндѳрүбүздүн жыйындысы. Кандай гана тоскоолдук болбосун, алдыга умтулуу шарт. Ар бир муун өзүнөн кийинкилерине эгемен жана ѳнүккөн өлкөнү өткөрүп берүүгө милдеттүү. Биз баарыбыз бириксек гана күчтүү, өнүккөн Кыргызстанды курабыз! 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер