Замирбек Аскаров министр болгону сууга чөккөндөр кескин көбөйгөн
![](/templates/aryba_kg/images/views.png)
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров акыркы жумада ар кандай себептер менен сууга чөгүп кеткен жарандардын саны кескин өскөнүн белгилеп, жарандарга кайрылуу жасаган.
"Мага социалдык баракчалар аркылуу жарандардан суроо, ой-пикир жана сунуштар келип турат. Мен аларга убак-убагы менен жооп берүүдөмүн. 18-август күнү 5 жашар бөбөктүн денесин таап, ата-энесине өткөрүп бердик. Бүгүн да издөө иштеринде 13 жашар өспүрүмдүн денеси табылды. Суук кабарды укканда айла жок жүрөгүбүз ооруган бойдон калдык. Ата-энесине көңүл айтабыз.
Мындай кырсыктарды болтурбай коюуга болот. Анүчүн ар бирибиз коопсуздук эрежелерди сактап, балдарды кароосуз калтырбай, сууга түшкөнгө ыңгайлаштырылбаган объектилерде, мисалы: көлмө, суу сактагыч, дарыя бойлорунда сууга түшпөөнү жана сак болууңуздарды суранам. Суудагы кырсыктардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер күчөтүлдү" деп жазылган билдирүүдө.