Теңсиздикпи? Азиз Суракматов камалса, Аскар Салымбеков эркиндикте


Бишкек шаардык кеңешинин өткөндөгү шайлоосунда үч олигархтын партиялары мыйзамдарды бузганы үчүн коомчулук тарабынан айыпталган. Сабак алышыбыз керек эле. БШК шайлоону жокко чыгарган эмеспи. Тилекке каршы, “Эмгек”, НДПК кайрадан аттанды. (Азырынча Нариман Түлеевдин “Ак батасы” БШКга каттала элек экен, 13-июнга чейин убакыт бар). НДПКны жетектеп чыккан Азиз Суракматов коррупциялык айыптарга шектелип, УКМК тарабынан камалган. Аскар Салымбеков азырынча эркиндикте. Нариман Түлеев амалданууда, бийлик менен мамиле түзүүгө өтө кызыкдар. “Ынтымак” партиясы да капчыктуулардын катарына кирет, лидери Марлен Маматалиев. Эми ушулар бир жолу жыдышты. Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосун жокко чыгартууга салым кошушту да, туурабы? Мамлекеттик түзүмгө, туруктуулукка да шек келтиришкен. Өткөндөгү калпыстыктан сабак алышып, амбицияларын жыйыштырып коюшса не? Сөзсүз эле Суракматовго окшоп камалып кетиш керекпи? Айтор, баш ооруткан суроолор көп.
"Азия Ньюс" гезити











