Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Экс-президент макамын алып салуу учурдун талабына айландыбы?

Экс-президент макамын алып салуу учурдун талабына айландыбы?

11-январь, 12:02
1 514 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экс-президент макамын алып салууну колдойсузбу? Эгерде башчылар жакшы иштегенде эл кыйналат беле?” деген собол таштадык. Суроонун маңызында көп нерселер катылганын эксперттер болушунча талдоого алышты. 

Эрлан Жамгырчиев, коомдук ишмер:

-- Экс-президент артыкчылыгы негизи болушу шарт. Маселе башка жакта жатат, ушуга чейинки президенттерибиз экс-президент макамына татыктуу болуштубу? Эл башчылар кызмат өтөгөн мөөнөтүндө жакшы иштегенде, мамлекетибиз азыркыдай туңгуюкка кептелбейт эле. Канча президент келди, кетти. Экономиканы айтпай тек коёлу, мамлекеттин тышкы, ички карыздарычы? Керек болсо бир да президент завод, фабрика курган жок. Ошол эле коңшу Казакстан, Өзбекстанды алалы, салыштырып болбойт. Болору болду, боёосу канды. Келечектеги журт башчылар экс-президент макамына татыктуу болуусун тилейт элем. Тарыхта из калтыра турган инсандарыбыз ажолукка шайланса, элибиз сыйлап “экс” макамын беришсе, эмнеге болбосун? Ушунча жылдан бери татыктуусун таппай жатабыз, элеп атабыз да... Буюрса таап, тандап аларбыз...

Мирлан Орозбаев, “Улуу журт” партиясынын лидери:

-- Экс-президент статусун алып салыш керек. Так кесе эле айтам. Биздин башчыларга андай нерсе жарашпайт. Президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин кадыресе эле карапайым эл катары жашаган оң. Антпесе макамдын атын булгап, өз билгендерин кылып, чартаңбай тээп, коррупциялык иштерге аралашып, бийликтен кетсе деле кеткилери келбей, сасык саясатты жүргүзүп, өзүнүн кишилерин бийликке апкелип, мамлекеттик кадр маселесине ыгы жок аралаша башташат. Шайлоонун шайтан оюндарына ж.б. ыплас иштерге баштарын малышат. Биздин менталитет ушундай. А макамды алып салгандан кийин: “Кой, эл катары эле жөн жашайын. Кантсе да эл башкардым, мамлекеттин башында болдум” деп, өзүн-өзү түздөйт.

Кубан Чороев, коомдук ишмер, экономист:

-- Дүйнөлүк практикада экс-президент макамы, ушундай гарантияларды берүүнүн негизги максаты – ошол бийликте турган президент өзүнүн кызмат мөөнөтүндө жүргүзгөн саясаты аркылуу куугунтукталбас үчүн каралган. А негизгиси, демократиялык өлкөдө бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү кепилдигин камсыздашы керек эле. Кыргызстанда ушул практика жаман адатка айланып кетти. Кыргыз эли тарыхтан жакшы сабак албай жатабыз. Президент ишине келгенде өзүнүн конституциялык укугунан аша чаап кетпей, мыйзамды так аткарып, жоболорду сактаса (!) деген пикирдемин. Анткени, бизде баардык нерсе, жаман көрүнүштөр президентибиз өзү баштап мыйзамдан тышкаркы иштерди жасап, өзүнө ыйгарып алып атат. Мурунку Конституцияда президентке бир гана мөөнөт берилген. Демек, ал адам ар бир күнүн мамлекеттин өсүп-өнүшүнө, элдердин жакшы жашоосуна, анын   маанилүү, пайдалуу жагына коротуу керек экенин унутуп коюп атат. Ушундан улам, сиздин сурооңузда камтылган эл башчылар жакшы иштегенде эл кыйналмак эмес жана экс-президент макамына татымак. Азырынча андай президент бизде боло элек.    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер