Генерал Өмүрбек Суваналиев таза акталган саясатчы

Биринчи Май сотунун судьясы Марат Сыдыков “кемпирабадчы” саясатчыларды актап салганы коомчулукта ар кандай талкууланды. Ишенимдүү булактарга таянсак, ал буйрук аткарбай эле өзү чечим кабыл алганы айтылды. Эрдиги бар тура, абийирин, жүзүн сактап калды. Мындай мисалдар бизде сейрек.
Саясый буюртманын негизинде камалышып, ошол эле бийликтин тушунда акталгандар чын эле чанда кездешет. 1993-жылы Өмүрбек Суваналиев соттон акталып, кызмат ордуна кайра кайткан. Ал 9 ай абакта жатып, жаш болсо да бүтүндөй бийлик машинасы менен күрөшүп, акыры көздөгөнүнө жеткен эле. Кийин Бакиев режиминде митинг үчүн камалып, натыйжада, генерал экинчи ирет таза жеңишке жеткен...
Ал эми 2000-жылдары Феликс Куловду да сот актап, бирок жогорку инстанция жаза өтөө мөөнөтүн чегерип койгон.
Алмазбек Атамбаевдин доорунда алгач Садыр Жапаров тарапташтары менен кармалып, бир жылдан соң соттун кызыкчылыгына карай эркиндикке чыкканбы? Шаардык сотко даттануулар жазылса керек. Бирок кийин кайра камакка алынып, 11,5 жылга эркинен ажыраган. Сокенин тушунда ырайым суратышса да түрмөдөн чыгарышпай, акыры Октябрь төңкөрүшүнүн шарданы менен бийликке келгени белгилүү.
"Азия Ньюс" гезити