Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев, эксперт: “Жаңы ГЭСтер курулган жок. Энергетикалык кризис күчөп баратат”

Расул Умбеталиев, эксперт: “Жаңы ГЭСтер курулган жок. Энергетикалык кризис күчөп баратат”

24-август, 17:57
448 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Расул мырза, өткөн жылдарга караганда быйыл жаратылыштын суусу мол болду. А эмне үчүн электр энергиясы кымбат жана чектөөлөр алына элек? Кышка карай бул багытта кризис жаралбайбы?

-- Кыш мезгилинде баары башталат. Акыркы 5-6 жылда өлкөдө энергетикалык кризис күчөгөндөн күчөп, мизи кайтмак турсун, уланууда. Быйыл суунун агымы былтыркы жылга салыштырмалуу 10-15 пайыз жогору. Бирок, суунун чыгышы өзгөчө Токтогул суу сактагычта 8-12 пайыз көп болуп жатат. 1-октябрга болгону 12,8-13,2 миллиард куб/м суу сактагычка сууну топтой алабыз. Бул суу акыркы 3-4 жылда жетишсиз болуп, 3,2-3,5 миллиард кВт/саат дефицит байкалууда. Ошондуктан кышында Түркмөнстан, Казакстан, Россиядан электр энергияны сатып алууга мажбур болуп жатабыз. 

-- Эмнеге андай?

-- Энергетикага болгон муктаждык жыл сайын көбөйүүдө. Ал эми өндүрүлүп аткан энергия бир орунда турат. Жаңы ГЭСтер курулбады. Анткен менен энергетика министри Таалайбек Ибраев “40 миллион кВт/саат Кыргызстан пайдаланып жатат” деп айтууда. Демек, бул жерде 46-48 миллион кВт/саат электр энергия өндүрүлүшү керек эле. Жай мезгилинде биздин өлкө 28-32 миллион кВт/саат эле пайдаланат. Бул жерде майнинг кампаниялар эбегейсиз колдонуп жатышат жана коңшу мамлекеттер сууну көбүрөөк алышууда. Ошондуктан энергетика каатчылыгынан кыйгап өтүп кете албайбыз. 

-- Боордош казак жана өзбектер биздин сууну алып атса, анын ордуна энергетика жагынан колкабыш кылышпайбы?

-- Казак энергетика жетекчилери ачык айтышкан. “Биз кыш мезгилинде ашыкча электр энергияны Кыргызстанга бир эле максат менен берип жатабыз: Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүн көбөйтүү жана жайкы убакытта бизге керектүү сууну берүү” дешип. 

-- Кечириңиз, жанагы майнинг кампаниялар жайында электр энергиясын арзан алып, кышында кымбат сатышат экен...

-- Майнингди токтотуп, суунун чыгышын азайтып, үнөмдөсөк, 1-октярбга 14-15 миллиард куб суу чогултсак болмок. Бирок, тилекке каршы, андай болбой жатат. Учурда энергетика министрлиги демилге менен чыгып жатат, бытовой эмес  колдонуучуларга 1 кВт/саатын 2,7 сомдом 3,7 сомго чейин көтөрүү боюнча. Небытовойлор – булар көбүнчө коммерциялык ишканалар. Алардын тарифин көтөрсө, анда алар саткан товарларына, кылган кызматтарына баасын көтөрүп коюшат. Кымбаттаган тарифтер көп жыйынтык бербейт жана чоң кошумча акча каражат алып келбейт. Жөнөкөй эл, пенсионерлер, карапайым тургундар азабын тартат. Электр энергия тарифин көтөрөрдөн мурда индексация кылыш керек. Пенсия, пособие, бюджетте иштегендердин айлык акыларын көтөрүү кажет жана ошого жараша электр энергияга болгон тарифти көбөйтсө болот. Андай кылбаса электр энергиянын баасын жогорулатканга болбойт.

-- Тарифти көтөрүп коюп, электр жарыгын өчүрүп атышпайбы. Быйыл андай болбойбу?

-- Таалайбек Ибраев жарыя кылып жатат: “Күз-кыш мезгилинде чектөөлөр болбойт, болгону маал-маалы менен өчүрүүлөр болот” деп. Бирок, кандай болбосун жетишсиздик 4 миллиард кВт/саат болуп аткандан кийин, албетте, жалпы, веердик өчүрүүлөр, чектөөлөр кыш мезгилинде болот.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер