Алыкул Осмоновдун “Ата журт” лирикасы кыргыз адабиятындагы жарандык поэзиянын өрнөгү

(1-макала)
Алыкул Осмоновдун атуулдук-патриоттук, жарандык-философиялык поэзиясынын тарыхый тамыры кайда? А.Осмонов көп учурда жаза турган конкреттүү темаларын «Чаңдатып сан миң жылдын эки арасын, турмуштун даңканга уруп майда ташын, адамдын эс-акылын камчыланып, замана кайда зуулап баратасың?!» деп кеңири фонго салып баштайт. Биз дагы Алыкулдун Ата журт ырларынын идеялык түпкү башаттарын советтик патриотизм идеологиясынан гана эмес, мурдагы замандардын, доорлордун кучагынан, байыркы тарыхы бар кыргыз элинин дүйнө кабылдоосунан, мекенчил рух салттарынан издейбиз. Маселен, улуу мурасыбыз «Манаста» эң оболу эмне ыйык, эмне улук? Биринчи иретте Ата журт ыйык, анын эркиндиги улук.
«Туулган жердин топурагы алтын» деген сөз бекеринен айтылбаптыр да. Кыргыздын дагы бир макалында «ар кимдин туулган жери мисир» делет. «Бешигим – мекен», «Ала-Тоомсуз мен киммин – ата-энесиз жетиммин», «Карааныңдан кагылайын Ала-Тоо, калкып жаткан кандай укмуш немесиң, кереметтүү сен атасың, энесиң» деген сөздөр да улуу сөздөр. Жаш Манас баатыр да Кошой дөөгө учурашканы келип, Ала-Тоону биринчи көрүп, «мындай кызык жер болбос, мындай кызык көл болбос, суусунда миңдей түр экен, түгөнбөс ырыс-кен экен, жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы» деп чын жүрөгүнөн толкундап, ата конушун көкөлөтүп көккө көтөргөн.
Ал эми Манас атасынын мекенчил салтын улаган Семетейдин ата конушу, эл-журту жөнүндөгү сөздөрүнө да кулак төшөйлү:
Аягы Талас, башы Чүй,
Атпай кыргыз өскөн журт.
Шер Манас – Манас болгон журт,
Бакты-дөөлөт конгон журт.
Атагы чыгып дөө болгон,
Баатырлар өсүп, өнгөн журт.
Ушул жерден аттанып,
Жоо келсе жообун берген журт.
Караңызчы, Ата журт жөнүндө терең маани-маңызга толгон кандай укмуш сөздөр айтылган! Эл-жерге болгон сүйүүнүн, ой жүгүртүүнүн манасча масштабы деп ушуну айтыш керек. Бул сөздөрдөн Семетейдин руханиятынын жана патриотизминин көкөлөгөн бийиктиги кашкайып ачыкка чыгып турат. Ушундай уулдук сүйүү аркылуу Ата журтубуз жана элибиз сакталып келген. Семетей үчүн Ала-Тоо, Ата журту – ыйык кенч, ак калпак кыргыз эли – улуу кут! Бир сөз менен айтканда, улуу «Манас» эпосунда Ата журт эң жогорку дөөлөт, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык баалуулук. Ал – бөлөнгөн бешигиң, учкан уяң, конгон тууруң, жандүйнөңдүн пайдубалы, ичтен тиреген тирегиң, ата-бабаңдын конушу, куттуу коломтосу, «Алтын бешик – тууган жер, кагылайын Таласым!» (Каныкей).
Терең байкасак, Алыкул Осмоновдун Ата журт, бир тууган эл-жер, Ала-Тоо, Ысык-Көл жөнүндөгү ыр топтомдорунун патриоттук тамырлары да Манастын рухунун кыртышынан угуттанып чыгат. А.Осмоновдун өзү да «Манасты», айрыкча Сагымбайдын вариантын жакшы билген эмеспи (акындын «Сагымбай Орозбаков» деген макаласын эстеңиз). «Сырт жайлоо» деген ырында: «Зор «Манас» көлөмүңө жетпес ченем, чарчабай үч ай айтса түгөнбөгөн» деп дагы да ырга салып жатпайбы. Алыкул Ала-Тоону, Ысык-Көлдү, Ата журтун Манас, Семетей аталарындай жасалмасы жок чын жүрөгүнөн сүйгөн. Ошон үчүн анын бир боор мекени жөнүндөгү ырлары өзүнүн эмоционалдуулугу, сырчыл интонациясы, көркөмдүүлүгү, мазмундук тереңдиги менен айырмаланып турат. Маселен, «Ата журтум» ырынын бир эле куплетин окуп көрөлү:
Сүйөм сени, сүйгөндүгүм сүттөн ак,
Сени сүйгөн тагдырыма рахмат.
Өлгөндө да сенин таттуу жытыңды,
Жаткым келет көкүрөккө кучактап.
Бул куплетте акын тарабынан көнүмүш эмес, күтүлбөгөндөй саптар табылгандыктан, лирикалык каармандын ички тереңиндеги Ата журтка болгон ысык сүйүүсү, катылып жаткан жан сыры бүт бойдон сыртка чыгып төгүлүп калган. «Өлгөндө да сенин таттуу жытыңды, жаткым келет көкүрөккө кучактап» деген аңдоостон алдыңан чыккан саптарды окугандан кийин толкундап, “а менин Ата журтка болгон сүйүүм канчалык?” деп өзүңдөн өзүң сурап, толгонууга аргасыз болосуң. Дегеле ушул «Ата журтум» ыры эмоцияга чулганып, чын ыкластуу дабыш менен маңыздуу жазылгандыгы аркылуу окурмандын бүйүрүн кызытып, ой-сезимин козгоп, мекенчил нукта ой чуркатууга шыктандырат. Ошондой эле акындын Ата журттун аскар тоолорун поэтикалык шөкөттөөсү, даңктоосу да Осмоновдун көркөм чеберчилигине суктантып турат. Суктанып турат дегенибиз, ырдын көркөм формасы абдан кооз, поэтикалык тили троптук каражаттарга бай, мазмуну терең чыгарма. «Кыргыз тоолору» ырын кыргыз поэзиясындагы Ата журтту образдуу даңктоонун, поэтизациялоонун бийик чокуларынын бири десе болот. Сөздү көбөйтүп, 7 куплет ырдын баарын мисалга алып отурбай, бир эле куплетин окуп көрөлү:
Мөңгү кетпей чокулары жалтырап,
Тоңгон муздар шөкүлөдөй жаркырап,
Ар жагынан бер жагына куш эмес,
Араң гана бороон өтөт калтырап.
Бул куплет өзүнчө эле бир көркөм сонундук. Акындын «шөкүлөдөй» деген салыштыруусу «жаркырап» деген сөз менен айкалышып, улуу тоолордун өзүнчө бир эстетикасын, поэтикалык-романтикалык сүрөтүн жаратып жатса, «калтырап» деген метономиялык боёк кыргыз тоолорунун көз жеткис бийиктигин көз алдыга кашкайта элестетип таштады. Мына поэтикалык чеберчилик деп ушуну айтыш керек. Окуп отурсаң, «Кыргыз тоолору» күн сайын көрүп, көнүмүш болгон тоолорду күтүүсүздөн башка жагынан оодарып көрсөтүп, өзүнчө бир керемет дүйнөнү тартуулап, кыялыңды көккө учуруп, оюңду тереңге жетелеп кетет. Карачы, үстүндө ак мөңгүлөр жаркыраган, ак булуттар калкыган алыскы тоо кыркалары «алда кайдан кебез тартып келаткан, кербенчинин төөлөрүндөй чубалат». Тоолорду кандай керемет кабылдоо, романтикалуу көрүү! Кандай күтүүсүз картина!
Акындын көзү менен дагы бир жагынан карасаң, калдайган кара тоолордун учтары алмаздын мизиндей болуп көктү «кесип» турат да, «арстандын азуусундай арсайып», адам сүрдөп бара албагандай айбаттуу көрүнөт. Болгондо да уурданып капысынан жоо келсе, тоолорубуз аны бороону менен бүркүп салат экен. Ошон үчүн кыргыз элине ак мөңгүлүү Ала-Тоосу кымбат, асыл экен. Түнкүсүн ай жамынып жаткан, «дүйнө жүзү көзүн ача электе» ай ааламда күндүн нурун биринчи тоскон тоолорубуз бактылуу тура. Тоолорду кандай поэтикалуу көрүү! Түз айткандан көрө, өтмө мааниде «дүйнө жүзү көзүн ача электе» деген метонимиялык сөз курулмасын колдонуу ыр жолдорун образ менен көрктөндүрүп жатпайбы.
Дегеле чеберчиликте колдонулган троптук көркөм каражаттар ырдын бүтүндөй тулкусуна образдуулукту киргизип, акындын айтайын деген оюн таасын жеткирип турат. «Кыргыз тоолору» тоолордун пейзажы, тоонун касиеттери жөнүндөгү гана ыр эмес. Бул жерде тоолордун ичиндеги кыргыз элинин баатырдык мүнөзү тууралуу да акын образдуу метафора менен астыртан туюндуруп жатат. «Кыргыз тоосу кыйын, кымбат тоо, уурданган жоолорду бороонуна аралаш бүркүп салат» деген поэтикалык саптар, албетте, кыргыз эли тоолорундай бийик, аска-зоолорундай бекем, жоого алдырбас кайраттуу калк деген маанини ишаралайт. Ушул саптарды окуганда Манастын уулу Семетейдин жогоруда келтирилген «Атам Манас өткөн журт, атпай кыргыз өскөн журт, ушул жерден аттанып, жоо келсе жообун берген журт» деген сөздөрү эске түшөт. Кыскасы, «Кыргыз тоолору» ырынын образдык логикасынан «Манастын» мекенчил рухунун илеби астыртан уруп турат. Алыкул Осмоновдун бул ыры ак карлуу Ала-Тоо менен ак калпак кыргыздын тагдырын жуурулуштура карап поэтизациялаган, өзү да тоо чокусундай бийик, кайталангыс чыгарма.
Илгери акын Молдо Багыш “Өзүңчө чыйыр салып өт, таптабай жолдун даңгырын” деп ырдаган экен. Мурдатан чабылган жолдо бирөөлөрдүн изине түшпөй, өз чыйырын тапкан, ушул Алыкул Осмонов болуптур.
Эми акындын мекен темасындагы дагы бир белгилүү ырына кайрылып, аны баарыбыз билсек да, дагы бир сыйра окуп көрөлү:
Ата журт
Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң,
Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата журт!
Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата журт!
Жаз да башка… Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата журт!
Бул ыр бүгүн бала бакчаларда, мектептин класстарында, жогорку окуу жайларынын аудиторияларында көркөм окулуп, сахналарда обондолуп ырдалып, аянттарда жаңырып, жарандык-патриоттук поэзиянын туу чокуларынын бирине айланган. Андай болсо “Ата журт” ырынын сыры, поэтикалык күчү, тузу, куну, жаңылыгы эмнеде?” деген суроо туулат. Биздин оюубузча, Алыкул Осмоновдун “Ата журтунун” поэтикалык күчүн, мазмундук кунун, башка чыгармаларга окшобогон өзгөчөлүгүн, эстетикалык татыгын сынчы Кадыркул Даутов өзүнүн кыска-нуска талдоосунда таасын айтып берген. Эмесе Кадыркул Даутовго сөз берели. “Ата журт” темасындагы ырлар Т.Үмөталиевден деле, Т.Шамшиевден деле, М.Жангазиевден деле, К.Акаевден деле, И.Исаковдон деле каалаганча табылат. Анда А.Осмоновдун булардан айырмасы кайсы? Маселе Алыкул Осмонов эмнени айттыда эмес, кантип айтты жана ошол ыр менен кошо жалпы кыргыз поэзиясына жаңы эстетикалык ачылыш катары кандай жаңы белгилер киргендигин табууда турат. A.Осмоновдун башкы олжосу – поэтикалык ойду айтуунун өзгөчө формасын тапкандыгында. Баса, муну ыр техникасы, муун өлчөм, уйкаш жагына кирген киреше экен деп түшүнүп албайлы. Ата журт бир жагынан конкрет да, экинчи жагынан жалпылаштырылган абстракттуу түшүнүк. Туулган жер, же бүтүндөй жашаган мекениң, башкача айтканда, географиялык чөйрө, тоо-таштар менен талаа-түздөр. А.Осмонов ошону поэтикалык персонификациялап, кадимкидей тирүү жан, жарыкчылыктагы эң кымбат, эң ыйык, эң улуу, эч качан кыйгыс, бирден-бир сыйынып, урматтап, жашоо мазмунум, өмүр тагдырым деп санаган адамына айлантып алып, жүрөгүнө жүрөгүн тыңшатып туруп, агынан жарылып сүйлөшүп, эч кимге ыраа көрбөгөн асыл сырларын ишенип айтып, бизди да ошого табигый түрдө ишендирип алууга жетишкен. Сен да жер-суу менен өз энең, же эң жакшы көргөн балаң кылып ачылышып каласың. Акындын акындык күчү – таап алган сыйкырдуу ойду жылаңач схемалабай, эстетикалык туйгунун керемети менен табигый гармонияга келтирип бергендигинде. Ошол туюнтманын баарын А.Осмонов бүткүл акындык тулкусунун түпкүрүнөн тутантып, бүткүл акыл, сезимдин ашташкан кайнооруна буулантып, жаркыган жылуулук чачтырып алып чыккан. Жалпыга маалым чындыктан жаңылык ачуунун, ага жүз марталап, кайталап таптап өтүп турушкан таанымал кашка жолду таптакыр жаңыртып басып, өзүнчө башка жол салып кирүүнүн классикалык үлгүсүн тартуулаган”. (Даутов К. “Тереңдиктер жана бийиктиктер” – Фрунзе, “Адабият”, 1991, 263-64-беттер). Мына ушинтип, мурдатан ырдала келген Ата журт темасын жазганда, Алыкул көнүмүш даңгыр жолду таптабай, өзүнүн жеке чыйырын салып өткөн.
Алыкул Осмоновдун “Ата журт” ырынын идеялык-эстетикалык маани-маңызын, айырмалуу өзгөчөлүгүн, тереңдигин, жаңылыгын, Ата журт деп соккон акындык жүрөктүн ажайып сүйүүсүн мынчалык деңгээлде таасын мүнөздөп берүү буга чейин кыргыз сынында, адабият таануусунда кезиккен эмес эле. К.Даутовдун сынчылык көрөгөчтүгүнө жана тереңдикти кылдат сезген табитине баракелде! Бул талдоону биз К.Даутовдун “Ата журт” ырын ачышы дээр элек. Кадыркул Даутовго улай төмөнкү пикирди кошумчаламакпыз. “Ата журт” ырында А.Осмонов өзүн сейрек талант катары гана эмес, даанышман катары да көрсөткөн. Акын бу дүйнөнүн татаалдыгын, турмуш деген Чернышевский айткандай, “Невск проспектисинин түптүз кеткен тротуары эмес” экендигин көрүп турат. Ошон үчүн акындын көңүл түпкүрүнөн: “Жолуң алыс, жылуу кийин үшүрсүң, кыш да катуу, бороон улуп, кар уруп. Суугуңду өз мойнума алайын, жол карайын, токтой турчу, Ата журт” деген тынчсызданган саптар чыгып жатат. Акын “Ата журтту” демейдегидей салтанат-шаң менен жазган жок. Ошо кездеги кээ бир коммунистик утопияга ишенгендер партиябыз, Ленин, Сталин аталарыбыз Ата журт үчүн даңгыр жолду жаркыратып чаап койбоду беле? А.Осмонов партиябыздын жолбашчылары чапкан жолго ишенбегенсип жазат. “Жолуң алыс, жылуу кийин үшүрсүң, кыш да катуу бороон улуп, кар уруп” деген пас маанайы кандай, “жол карайын” дегени эмнеси? Жолду партиябыз карабады беле?” деп акынга шектүү да караса керек. Ал эми акын-диалектик А.Осмонов үчүн бул оомал-төкмөл дүйнөдө жеке адам да, Ата журт да, эч ким кыйратып кетчү кырсыктан, кыйын-кезеңден, тагдырдын кыянатчылыктарынан гарантияланган эмес. Ошон үчүн жол караш керек. Жол карайын деген бул – даанышмандык да. Көптөр жол карабай эле Ата журт деп кыйкырып отурбайбы. Бүгүнкү “устаранын мизинде оодарылган” (Арстанбек) заманда, глобалдашуунун шарттарында мекенибиздин, улутубуздун тагдыры кандай болот? Күчтүү постиндустриалдык державалардын алкымына оп тартылып кетпейбизби? Улутубуз, тилибиз сакталып калабы? “Жол карайын токтой турчу, Ата журт” деп мекенчил атуулдарыбыз Алыкулчасынан алды жакка кайгуул салып, санааркап ойлонуп турушат го.
Алыкул XXI кылымда Ата журту менен кошо жашап, алды жакка чалгын салып, буудан болуп таскак салып баратат. Анан калса, “Ата журт” ырынын эстетикасын дагы бир карап өтөлүчү. А.Осмонов Ата журтту баарлаша турган тирүү жанга айландырып, искусстводогу көркөм шаттуулук ыкмасын кылдат пайдаланган. “Жолуң алыс, жылуу кийин” деген сөздөр сапарга чыгып жаткан баласына бир боор ата-эненин жан мээримин төгүп айткан сөзүндөй сезилет. Искусстводо кыйкырып айткан сөзгө караганда, акырын шыбырап айтылган сөз алда канча таасирдүү деген ой ырасында акыйкат белем. Алыкул “ураасы” жок эле, “жолуң алыс, жылуу кийин” деген акырын чыккан үнү жана сөзү менен эле Ата журтка болгон уулдук сүйүүсүн, жүрөк мээримин жарыя кылып койгон. Анан кантип Алыкулду ыр токуунун устаты, поэзия чебери дебейсиң!
Кыргыздын дүйнөтаанымында Ата журт менен эл бири-биринен ажырагыс эгиз түшүнүктөр. Ата журттун ээси – эл. Элдин ыйык очок-коломтосу, конгон тууру – Ата журт. Ата журтсуз эл жетим, элсиз Ата журт жетим. Ата журт эли менен толук, калкы менен көрктүү «Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо» деген эмеспи Барпы акын атабыз. «Манас» эпосунда «бири кетип Алтайга, бири кетип Каңгайга» кыргыз туш-тушка чачылып тараганда, Ала-Тоо баскынчы жоонун таман алдында онтоп, жетимсиреп, мөңгүлөрүнөн «жаш аккан». Ошондой эле «Манастагы» Ата журтунан ажырап, Алтайга айдалып барып, «Кара өзөн кайда, бел кайда, Ала-Тоо асыл жер кайда?» деп буркурап ыйлаган кыргыздар жетим эмей эмне? Кыскасы, кыргыздын философиясында эл жана Ата журт ажырагыс бир бүтүндүктү түзөт жана бул экөө ошол бүтүндүгү менен бекем жана түбөлүктүү. Алыкул Осмонов да дал ушул нукта ойлонуп турат. Бекеринен ал ырларынын биринде «Ата журтум тууган элим, мекеним» деп экөөнү бир денедей чогуу карап, бир сапка тизип даңктап жазган жок. Бирок да Алыкул Ата журт менен элдин жуурулушкан бир бүтүн нерсе экендиги жөнүндөгү философияны өзүнүн инсандык, акындык концепциясы менен толуктайт. А.Осмоновдун концепциясы боюнча эл-журт бүтүндүгүнүн күчү жана көркү – ар бир жеке жарандын ошол бүтүндүктүн бөлүкчөсүмүн деп сезген аң-сезимдүүлүгүнө жана бүтүндүккө ак кызмат кылуу менен барктуумун жана бактылуумун деп туюнган жарандык даанышмандыгында. Алыкул ырлары аркылуу эл-журтуна «бир боорум», «жан кубатым», «секетим» деп агынан жарылат.
Неге десең бир башкача кымбат эл,
Жаратылган биздин ушул заманга.
Ошондуктан баарын сүйөм, кадырлайм,
Баары секет, баары алтын, садага.
Ойлоп турсам бир доорлош калкымдын,
Бардыгы эне, бардыгы ини, баары ага. («Тилек» ырынан)
Демек, эл – мекен бүтүндүгүнүн күч-кубаты жана бакубаты өз кулунунун эл-журтуна ашып-ташкан сүйүүсүндө, жалбырттаган жарандык махабатында жатат. Мындай махабаттан мекенчилдик деген улуу атуулдук касиет төрөлөт.
Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кимге керек ата-эненин көз жашы?
Эгер «кел» деп Ата мекен чакырса,
«Аманбы»дан «Кош» деп айткан сөз жакшы («Коштошуу» ырынан).
Бул куплеттен эл-журттун башына күн түшсө, мекенин коргоого даяр турган, калк бактысы жана көз карандысыздыгы үчүн башын канжыгага байлап кармашка чыга турган патриот атуулдун элеси көз алдыга келип турат. Алыкулдун «Аманбы»дан «Кош» деп айткан сөз жакшы» деген күтүүсүз сабын окуганда, «Ыйык кыргыз жеримди, душмандын буту баскыча, асыл кыргыз элимди, тебелетип бөтөнгө, кор кылып карап жаткыча, туулбай туна чөгөйүн» деген Манас атанын мекенчил сөздөрү тээ түпкүрдөн жаңырып угулгансыйт. Мына ошентип, элине болгон чексиз сүйүү, өзүн бүтүндүн бөлүкчөсүмүн деп сезүү Алыкул Осмоновдун руханиятына мүнөздүү нерсе. Ошол бүтүндүктү Алыкул энем, атам, иним, агам деп сезип отурат. Мунун өзү адамдагы социалдык акыл-эстин эң жогорку бийиктикке көтөрүлгөнү эмеспи. Элди энесиндей көрүү, элге-журтка өз энесине кызмат кылгандай кызмат кылуу, калк жүгүн аркалоо, эл кызыкчылыгынын кулу болуп жашоо – Алыкул акын үчүн өмүрдүн маңызы, жашоонун тузу, куну жана куту. Ошон үчүн акын «Тирүүлүктө кара өлүмдөн өч алып, калкың үчүн кан чыгарып бер пайда» («Отуз жаш»), «доорубузга каухар чачып калалы, алдыбызда канча күн бар ким билет?» («Замандашыма»), «Мендеги өмүр меники эмес, сеники, менин ырым меники эмес, элдики» («Ата журтум») деп тилин безеп, кушча сайрап отурат. Айта турган нерсе, чын-чынында Алыкул Осмонов реалдуу турмушта ырларында күйүп-жанып насыйкаттаганындай эле жашаган. Ал жан кыйнаган оорусуна карабай («Оорулуу акын, ойго жакын, ооруп алсыз отурат, ак кагаздын бетин ырга толтурат» («Оорулуу акын» ырынан), кыска өмүрүндө ар бир күнүн, ар бир мүнөтүн, жүрөгүнүн «ар бир соккон секундун» элине арнап, күнү-түнү мээнеттенип, окуп, жазып, изденип, которуп, акыры калайык-калкына кылымдарга рухий азык боло турган көөнөрбөс ырларды, поэмаларды жаратып, «Жолборс терисин кийген баатыр» сыяктуу классикалык котормону тартуулоого үлгүрдү. Алыкул өмүрү акыркы чычаладай күйүп бүткөнчө ырлары менен элине кызмат кылган. Ал Ата журттун өмүрү – менин өмүрүм, элим жашаса – менин жашаганым, жазган ырларым – элимдин энчиси («Мендеги өмүр меники эмес, сеники», «унутсаң өзүмдү унут, бирок дагы, унутпа менден алган ырларыңды») деп түшүнгөн. «Элим үчүн эркек болуп туулдум, белимди бекем буундум» деген мекенчил салт кыргыз менталитетинде илгертен жашап келатат. «Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол» дейт кыргыз. Алыкулдун патриотизминин улуттук тамыры эл тарыхынын тереңинде жатат. «Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң» дейт акын Арстанбек. Чынында эле, кишинин эмгек-мээнетин баалап, атын чыгарып, нарк-насилин таразалап, аброюн көтөрүп, бийикке коё турган күч дал ушул эл болот. Талантыңды ача турган, эрдигиңди баалай турган, өмүрүңдүн, жашооңдун маани-маңызын өлчөй турган эл. Ошон үчүн «эл менен сен бийиксиң» деп жатат Арстанбек. Ошон үчүн Кошой: “Эл болсо сен барсың, эл болсо мен бармын. Коргонду көздөй баралы, конуп кепке каналы, караан калган кыргыздын бир айласын кылалы, чачылганды жыйнайлы, үзүлгөндү улайлы” деп Манаска айтып отурат. Алыкул да элдин даанышмандыгына, тарыхый эстутумунун саламатчылыгына, баардык нерсени таразалап, калыс баалап аларына ишенген. Ошондой эле акын элдин рухий куржунуна оңой менен оңбос, эскирбес, “жалт-жулт” эткен ыр каухар-мончокторун салганына, бул көркөм дөөлөттөрдүн болочокто баркталарына («Билбес жанга өспөс менин бийигим, билген жанга өсөр менин тереңим») да ичинен көзү жетип турган. Ошон үчүн көзү өткөндөн кийин экинчи өмүр менен жашарына ишенип, «Эскерме» деген ырында «Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү, буудан болуп таскак салып өтөрмүн» деп жазган эмеспи кайран акын! Ырасында эле, бүгүн Алыкулдун “Ата журт”, “Ысык-Көл” ырларын ырдап, «Кош жан эркем, кош дегенге таарынба» деп сүйүү ырын обого созолонтуп, «Берчи мага, берчи мага, жарым кашык музыка» деп суранып, биз – калың окурмандар алдыбызда таскак салган поэзия бууданын ээрчип кетип баратпайбызбы...
Советбек Байгазиев
"Азия Ньюс" гезити