Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турат Акимов: “Биздин генералдар кадыр-барксыз, кошоматчылар”

Турат Акимов: “Биздин генералдар кадыр-барксыз, кошоматчылар”

27-февраль, 20:45
2 196 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чек арадагы абал күн санап курчуп баратат. Чечилүү түйүнү барбы?

-- Чек ара – өлкөбүздөгү коркунучтуу көйгөйлөрдүн бири. Муну президент өз жүрөгү менен сезиши керек. Анткени аскер башы ошол. Башкы кыймылдарды ошол чечиши зарыл. Айрыкча аскер кызматы жагын айтсак болот. 

-- Камчыбек Ташиев учуп барып келди. Чек ара УКМК карамагында эмес беле?

-- Илгери союз убагында чек ара УКМКга карачу. Чек арадагы сигналдардын баарын биринчи УКМКдагылар билчү. Анан кийин аны бөлүп, генералдар өзүнчө бөлүнүп бажыканага кошулуп алышып, акча жасоого айлантышты. Качан гана Баткен согушундагы кооптонуудан соң, чек ара кызматынын милдетин аныктап чыгышты. Илгери чек ара кызматынын чалгынчылары болчу. Алар баарын алдын ала билишчү. Кандай түрдө келишет, чек араны кантип бузушат?.. Ал гана эмес чымчык учуп кирсе дагы билип турушчу.

Кытайлар илгери суурларды уулап туруп, Советтер союзунун территориясына киргизип жиберчү. Ошонун баарын тыкыр көзөмөлдөшчү. Азыр болсо бажыкананын жанына туруп алып эле шабашка жасаганды билишет. Бул биздин аскер башчылары жүрөгү менен сезип, каны менен туюп, мекен үчүн күйбөгөндүн кесепети.

Генералдарыбыз болсо жалаң кошоматчылар. 90%ы акчаны берет, шефке кирет, кол койдуруп алат, анан болду. Генералдар учурда бир ротага кадыры жок кишилер. Алар жок дегенде 30 миңдей адамды мыкты башкарыш керек. Союз учурунда 30 миң адамды жетектегендер генерал катары эсептелчү. Азыр биздин өзүбүздүн аскерлерибиздин саны жети миң. Бизде генералдар иттен көп болуп калган. Мындай бийик даражага жетүү үчүн согушка катышыш керек. Окопто жатып солдат менен түнөп, бирге ойгонуп, солдаттын тамагын жеп, жеңишке жетип, даамын татышы зарыл. 

Мисалы, генерал Чотбаевди баалап айтсак болот. Ал афган согушуна катышты. Өлүктөрдү ташыды. Аман калды дегендей. Калгандарына окоп каздырып көргүлөчү, каза алышпайт. Анан да кыргыздар мансапты жакшы көрүшөт. Жок дегенде бир адамга начальник болуп алыш керек. Ошондо бактылуу болуп калат. Кыргыздын тилеги ушул. Бир адамга чоң кылып койсо эле өзүн чоң сезип, бакытты ошондон табат. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер