Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: “Парламент амбициянын аренасы эмес, өнүгүүнүн тиреги болуш керек”

Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: “Парламент амбициянын аренасы эмес, өнүгүүнүн тиреги болуш керек”

26-октябрь, 22:12
515 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бакыт агай, көп мандаттуу округдан шайлоону сындагандар, колдогондор да бар. Жаңы шайлоо системасы дагы эксперимент болуп жаткан жокпу?

-Отуз жылдык эксперименттен кийин өлкө парламенттик башкарууда болуп, фракциялар менен комитеттердин ортосунда жашады. Ошондуктан эл күчтүү лидерди самады.

Тажрыйба баа жеткис, бирок экономика, реформалар токтоп турган. 2021-жылы эл президенттик Конституцияны, стабилдүүлүктү жана өнүгүү багытын колдоду. Жыйынтыгында, өлкө кыймылдай баштады. Бүгүнкү күндө анын натыйжасы баарыбызга көрүнүп калды. Эң алыскы айылдарда мектептер, жолдор курулуп, ооруканалар, көпүрөлөр оңдолууда

Казына миллиарддаган сом менен толукталып, экономика өсүүдө, Кыргызстан тарыхта биринчи жолу КМШ өлкөлөрүнүн ичинен өсүү темпи боюнча биринчи орунду ээледи.

-Жаңы шайланып келчү парламент кандай позицияны карманышы керек?

-Жаңы шайланып келген парламент тоскоолдук кылбай, жардам бериши керек. Парламент жоопкерчиликтүү жана конструктивдүү мүчөлөр менен толукталышы маанилүү. Сындап эле тим болбостон, оңдогонго аракет жасаш керек.

Конфуций айткандай, «ким катаны көрсөтүп, бирок аны оңдоого жардам бербесе, ал өзү ката кетирген болот». Сын керек, бирок конструктивдүү гана. Анткени, эл катуу ураандардан, маанисиз талаш-тартыштардан тажады.

Ар кимдин башында өзүнүн таракандары барбул чындык. Бирок, бул “таракандар” парламенттин күн тартибин түзүп баштаса, басма сөз кызматын эмес, психология бөлүмүн чакырганга убакыт жетти.

Талапкерлер өздөрүнө чынчылдык менен суроо бериши керек: “Мен эл үчүн депутаттыкка аттанып жатам, же депутаттык креслодо селфи кыламбы?” деп. Бул суроонун жообунда ким кызмат кылууга даяр, ким жөн эле телевидениеде жаркырап көрүнгүсү келгени ачыкка чыгат.

-- Шайлоочулар талапкерлердин куру убадасына ишениши керекпи же?..

-- Бүгүнкү күндө космос доору идеяларынын учуру эмес. Кээ бир талапкерлер «орбитага ракета учурууга» же «бейшембиде жамгыр жааганга тыюу салууга» убада беришет. Ошондуктан, өлкөнүн өнүгүүсү жолдордон, завод-фабрикалардан, айыл чарбадан, кайра иштетүүдөн, туризмден башталарын жакшы билген реалисттер керек.

Заводду курган – келечекти курат. Кереметтерди убада кылган адам иллюзияларды жаратат. Чынында парламент театр эмес. Бүгүн эл адептүү, маданияттуу, ишбилги депутаттарды күтүүдө. Арзан пиар, чатак, шоу жок.

Саясат актёрлордун сахнасы эмес, чыгармачылыктын аянтчасы. Сенека мындай деди: «Мамлекет – бул улуу иш, ага майда-чүйдө менен мамиле кылуу мүмкүн эмес». Бул сөздөр мурдагыдан да актуалдуу.

-- Парламент амбициянын аренасы болуп кетпейби? Аялдардын ордун эркектер тартып албайбы?

-Биздин парламентте аялдардын орундары сакталып калган, эркектер аларды ээлей албайт. Бул дүйнөлүк парламентаризмдин тарыхында биринчи жолу. Парламент атак-даңк издегендер менен эмес, маанисин издегендер менен толсун.

Мансапка умтулгандар эмес, өлкөнү куруп жаткандарга добуш беришибиз керек. Ошондой эле парламент амбициянын аренасы эмес, өнүгүүнүн тиреги болуш керек.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер