Беназир Бхутто Ошко келгенде...

Ошол мезгил Кыргызстанда тарыхый учур болуп калды. 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы белгиленчү күндөр кыргыз журтчулугунда унутулгус окуя эле. “Ушу жылдын 25-август күнү Ош шаарына Беназир Бхутто келет экен” деген кабар желдей тарап кетти. Күз мезгилде кереметтүү Ошто бышыкчылык өкүм сүрүп турган. Убакыт келип, Ош шаарынын аба дарбазасына түш оогон кезде чет элдик самолет (учак) келип конду. Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Беназир Бхутто атайын учактан түшүп келатат. Салтанаттуу шаан-шөкөт менен тосуп алуу аземи жаңырып турду. Бир караган кишиге ак жүздүү, көздөрү бакыракай, сулуу, келишкен аялзаты Ош жергесине аяк таштап, учурашууларды баштады.
Беназир Бухутто 1953-жылы 21-июнда туулган. 2007-жылы 27-июлда шайлоо алдында жанкечтинин колунан каза болгон. Пакистан Ислам Республикасынын өкмөт башчысы болуп эки ирет шайланган. 1988-жылдан 1993-жылга чейин жана 1993-жылдан 1996-жылга чейин.
Ошентип, аба дарбазасынан атайын кортеж өкмөт башчысын алып, Ош шаарындагы Сулайман тоого жөнөп, уникалдуу музей менен таанышты. Анан атайын өкүлдөрдүн коштоосу аркылуу тоо боорунун чыгыш тарабы менен Бабурдун көжүрөсү салынган үй тарапка багыт алды.
Пакистан элинде Беназир Бхуттону “Кара атыргүл” деп аташчу экен. Балким, анын келишкен сулуулугу, “жарк” этип тиктеген чырайлуу жүзү, балбылдаган көздөрү өз элине сүйкүмдүү чырайы менен чыгыш кызы оозго алынып жүргөндүр. Баса, анын атасы Зульфикар Али Бхутто Пакистан Ислам Республикасынын пермьер-министри болуп иштеп жүргөндө 1979-жылы курман болгон. Ал эми күйөөсү да Ошко бирге келген. Хазив Али Зардари иш билерманы экен.
Сулайман тоосундагы чыйыр сымак салынган жол менен жөө басып келип, Бабурдун чакан салынган көжүрөсүнө келишти. Ал жерде бир аз эс алып, андан соң намаз окуганы үйгө кирип, бир аздан соң чыгып, маектешүү башталды.
Талас жергесинде “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракеси башталып, көңүлдүн бары ошол жакта. Тоо чокусунда Бабурдун үйү деп салынган көжүрөдө шаардын сыйлуу өкүлдөрү, сода тармагында иштеген М.Ишматов жана дин өкүлү Р.Касымов айрым суроолорго жооп беришүүдө.
Беназир Бхутто сөз арасында:
-- Эмне үчүн Бабур Орто Азиядан куулуп, Ооганстан, Индияга чейин кеткен? - деп суроо узатты.
-- Аны Самаркандды, Ташкентти башкарган хандар бул аймактан кууп чыгышкан, - деп жооп айтышты.
-- Ал шаарлар бул жерден канча алыс жайгашкан?
-- 600 километр Оштон алыс, - деп жооп беришти.
Кызуу маектешүүдө “Бабур кайда төрөлгөн?” деген суроого баары саамга үн катпай калышты. Кыргызстандын өкмөт башчысы Апас Жумагулов:
-- Ал тээ төмөндө туулган, - деп тоонун этегиндеги аймакты көрсөттү.
“Бабурга эмне кызыгып калды? Ал ким эле?” деген суроо туулат. Бабур Закиридин Мухамел 14.02.1483-жылы төрөлүп, 26.12.1530-жылы каза болгон. Индияда улуу моголдор мамлекетинин (1528-жылдар) негиздөөчүсү. Өзбек акыны жана жазуучусу.
Сулайман тоонун чокусундагы көжүрөдөгү баарлашууда Беназир Бхутто шаарга суктануу менен карап, “учуру келип, насип буюрса, тээ төмөндөн ОшМУнун башкы корпусунун бет мандайындагы оргума суу (фонтан) тараптан аба жолун куруп берүүгө жардамын айтты” деп тилмечи түшүндүрдү. Деги Ош шаарынын кооздугуна суктанып, ажарлуу жүзүндө жылмаюусу нур төгүп турду эле.
Сулайман тоонун чыгыш тарабынан акырын төмөн түшүп келген соң журналисттер үчүн атайын интервью берди. Анда 25-августта “Манас” эпосунун миң жылдыгын кыргыз эли зор салтанат менен өткөрүүсүнө тилектештигин билдирди. Кыргыз элинин улуулугун, баатырдыгын белгиледи. Ал маектешүү учурунда кичинекей кызды алдына алып отуруп, суроолорго жооп берип жатты. Ал кыздын аты да Беназир экен. Азыр ал отуз жашка чамалап калгандыр. Ал Ош шаарынын тургуну болчу.
Кеп соңунда белгилей кетчү нерсе, эмне үчүн Беназир Бхутто Ошко келип Бабур жөнүндө таанышып, маалымат алды? Анткени, Бабур 12 жашында Ош шаарында болуп, тоо бооруна кичи үй курдурган. Анын архитектору Фазияндын молдосу болгон. Ал көжүрө тоо чокусунда эмес, төмөн жакта орун алган экен. Бул тууралуу өзбек эл жазуучусу П.Кадыров «Жылдыздуу түндөр» аттуу китебинде кеңири белгилейт. Бабурдун күчтүү аскерлерин жетектеген Касымбек жөнүндө кызыктуу баяндалат.
“Беназир Бхуттонун 16-ата теги Бабурга барып кошулат” деген билермандардын кеби бар. Бул божомолдор учурунда козголуп, сөз болор. Балким, анын чындыгы бардыр...
Байыш Төлөнов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер
"Азия Ньюс" гезити