Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубулжуган үнүңүздү угуп, чын эле жактырып калгам

Кубулжуган үнүңүздү угуп, чын эле жактырып калгам

01-август, 12:19
557 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Роза Амановага!)

Сизди сыртыңыздан билем. Кыйын аялсыз. Жашоодо көп оош-кыйыштарды башыңыздан өткөрдүңүз. Кыйынчылык болгон сайын чыйралдыңыз. Негизи ички дүйнөнөн карама-каршылыгы менен жашадыңыз. Бийликти да, байлыкты дагы көрдүңүз. Азыр башка адамсыз. Майда нерселер менен алышып жүрсөңүз керек. Бирок, чыныгы дүйнөңүзгө, музыка жаатына анчейин көңүл бурбай, кайдыгер карап калганыңыз өкүндүрөт. Эсимде, мен мектепте окуган өспүрүм курагымда сизди КТРден биринчи ирет көргөм. Кубулжуган үнүңүздү угуп, чын эле жактырып калгам. Агезде мага окшогондор көп болсо керек. Аябай таланттуу, сулуу, бийик инсан катары көрүнгөнсүз. Мен ошол элести гана сактап калып, талантыңызды жогору баалап келем. А баса, Элзар Өскөнбаеванын “Бар бололу” деген клибине тартылыпсыз, устат катары салмагыңызды бааладым. Себеби, бул кыз сизге таасирленип ырдайт экен. Аягында эмне демекчимин? Ден соолук, узун өмүр каалайм! Бакубат өмүр кечириңиз! Кээде маанайыңыз чөгүп, капа болсоңуз, мен сыяктуу сыйлаган тарапташтарыңызды ойлоп коюңуз. Сыртыңыздан колдоп, бата берип жүрөбүз... Өмүр деген күлүк аттай эле зуулдап өтөт экен. Мен деле кыркка чыгып калдым. Чыгармачылыгыңызды терең сыйлайм. Ушул катым сизге жетет (!) деген үмүтүм зор...


Арсен 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер