Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көлдүн сезонун эптей албаган Уланбек Далиевдин кедери мамлекетке тийчүдөй...

Көлдүн сезонун эптей албаган Уланбек Далиевдин кедери мамлекетке тийчүдөй...

07-август, 09:00
438 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Быйыл Ысык-Көлдүн сезонун көрүп атабыз. Туристтердин, эс алуучулардын кызыгуусу күч. Бирок жергиликтүү бийлик тарабынан шарт түзүү жетишсиз. Бул өңүттөн алганда, милициянын ишмердиги, өзгөчө жол коопсуздугун көзөмөлдөө жагы дурус. Тартипти болушунча сактап жатышат. 

Ал эми башка тармактар эмне иш менен алектенүүдө? Мисалы, Ысык-Көл облусу боюнча президенттин өкүлү Уланбек Далиев көлдүн сезонунда иш-чара уюштуруп, демилгелүү идеялар менен чыкса жарашмак. Бирок андай ийгилик жаратууга, башкарууга билими, тажрыйбасы жетпей атат. Эмне буйрукту аткарат, “айдатмабы”? Айтор, белгисиз. Мактана турган натыйжалуу кызматы барбы? Айта албайбыз. 

Баса, Балыкчыдан Бөкөнбаевди көздөй кеткен жолдун курулушу бүтпөй, чаңдап жатат. Дагы канча жылга созулары белгисиз. Жапатырмак тер төгө иштегендерди деле көрбөйсүң. Пиар үчүн эмес, жумуштун сапаттуу, тез бүтүшүн ойлобой калдык го... Быйыл көлдүн өрүгү өзгөчө бышып, төгүлүп жатканына күбө болдук. Тилекке каршы, колдогу бар байлыкты иштете албай, же жарытылуу сатылбай, чирий баштаптыр. Мындай мисалдарды санай берсек сөз арбып кетчүдөй. Кыскасы, иштей албаган губернатор Уланбек Далиевдин ордуна башкасын табышпаса, мамлекетке кедери тийчүдөй...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер