Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржигит Кадырбеков: “Мен бекеринен “ыйман сабагын киргизиш керек” деп айткан жокмун...”

Нуржигит Кадырбеков: “Мен бекеринен “ыйман сабагын киргизиш керек” деп айткан жокмун...”

11-февраль, 09:00
1 321 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Коррупциянын деңгээлин баалоо боюнча эл аралык рейтингдерде Кыргызстан дале жогорку орундарда экен. Мунун себеби эмнеде?

-- “Коррупция менен күрөшүү ушулардын гана милдети” деп бир органды көрсөтпөшүбүз керек. Коррупция менен күрөшүү баарыбыздын милдетибиз. Шайлоо учурунда кээ бирибиз добушубузду сатабыз, бул деле коррупция. Кайсы бир маселебизди чечиш үчүн МАИ, же МКК кызматкерина акча беребиз. Анан коррупция кантип токтосун? Кыргызстандагы баардык милиция, прокуратура кызматкерлерин кошуп эсептесак, саналуу эле киши болот. Анан алар миллион элге кантип көзөмөл жүргүзөт? Ошондуктан, абийир, ыйман маселеси келип чыгууда. Мен бекеринен “ыйман сабагын киргизиш керек” деп айткан жокмун. Тарбия бала кезден башталышы абзел. Корруцияга каршы күрөшүү – бул моралдык да маселе. Мисалы, Кыргызстанга келген даниялык бирөө “пара берерин берип алып, өмүр бою кыйналдым, мен туура эмес иш жасадым, жандүйнөм дале азапка салууда” деп жазыптыр.

-- Анда бул өтө узакка созулчу, татаал процесс дейсизби?

-- Бул маселе жалаң күч менен чечилбейт. “Күч менен чечем” десең, күч бар жерде тыйылып, күч жок жерде кыла беришет. Жаш баланы деле өтө катуу кармасаң, сен бар жерде башка, сен жок жерде башкача болот эмеспи. Ошондуктан, бул ишке баарыбыз: ата-энелер, мектеп, коом дагы жоопкербиз.

-- “Коррупцияны жоюунун дагы бир жолу катары аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү керек” дедиңиз. Бирок, андай изилдөөнү улуттук статистика комитети жүргүзүп, “баланча министрлик коррупция жагынан алдыда, түкүнчө министрликке элдин ишеними эң аз” деп айтып эле келатпайбы?

-- Алар жөн гана санын чыгарып коюшат. А биз жүргүзгөн анализ болсо “эмне үчүн ушундай болуп жатат?” деген суроого жооп берүүгө тийиш. “Кантип чечебиз?” дегенге жооп ошондон кийин пайда болот, Кудай буюрса. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер