Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жалал-Абад ШИИБ начальниги Чыңгыз Айтимбетов “кызылбы” же “карабы”?

Жалал-Абад ШИИБ начальниги Чыңгыз Айтимбетов “кызылбы” же “карабы”?

03-октябрь, 20:26
1 188 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында Жалал-Абад ШИИБ начальниги Мирлан Батыров кызматынан кеткен. Агасынын кылмыш ишине жана “Дженгого” байланыштуу ээрден шыпырылганы айтылган эле. Эми бошогон орунга Чыңгыз Айтимбетов дайындалганы кабарланды. Бул “кызыл шапкечен” мурда “караларга” камыр-жумур жүргөнү сыпатталып, шек саноолор жаралып келгенин кайда катабыз? Ош ШИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүн башкарып жүргөндө сойкуканаларды “крышевать” этип, артынан жагымсыз сөз тараганычы? Оор кылмыштарды жашырып-жабуу таризинде акча жасачубу? Эске салсак, убагында Ош ШИИБнин төрт опер кызматкери кыз зордуктаган аңгинин ишин калкалашып, УКМК тарабынан кармалышкан. Ошолордун жетекчиси Чыңгыз Айтимбетов менен Марлис Асанов эмес беле? Эми андай жоболоңдуу жоруктары Жалал-Абад шаарынан кайталанса, Камчыбек Ташиевге маалымат түз жетсе, ойрондолуп калышпайбы? Эмесе, кулак кагыш кылдык. Калганын убакыт көрсөтөт.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер