Акыркы кабарлар
» Саясат » УКМКнын чуулгандуу иштери... Максат Асаналиевдин моралдык жоопкерчилиги каралабы?
УКМКнын чуулгандуу иштери... Максат Асаналиевдин моралдык жоопкерчилиги каралабы?
10-март, 19:48


УКМК жетекчилеринин былыктары чыгып, оор кылмыштарга айыпталышканы маалым. Азырынча Эльдар Жакыпбеков баш болгон экс-начальниктер камакта отурушат. Ал эми камалбай калкаланып жүргөндөрү канча? Ишкерлерди каалагандай талап-тоношкону ачыкталып, мамлекеттүүлүккө шек келтиргендер талкуу жаратышты. Мындай көрүнүшкө көзөмөлдөөчү орган катары башкы прокуратура милдетин аткарган эмеспи? Ыпластыкка, кылмыштуулукка кайдыгер болууну кандайча баалайбыз? Жүздөгөн арыз-даттанууларга эмне дейбиз? Буга чейин башкы прокурор Максат Асаналиев эмне кылып отурган? Жыйынтыгында УКМКнын ушунча чыр-чатагынан, чуулгандуу резонанстарынан соң Максат Асаналиевдин кызмат ордунда калууга моралдык укугу барбы? Дал ушул суроонун жообуна коомчулук кызыкса керек.











