Акыркы кабарлар
» Коом » Дизель майынын баасы дагы көтөрүлөрү күтүлүүдө
Дизель майынын баасы дагы көтөрүлөрү күтүлүүдө
05-сентябрь, 16:40

Күзүндө Кыргызстанда дизелдин баасы дагы өсө турганын нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.
"Россиянын ички рыногунда дизель тартыш болуп жатат. Ал жакта үч ири завод профилактикалык оңдоо иштери үчүн жабылган. Күзгү жыйым-терим убагы башталды. Казакстан сентябрь айынан баштап Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан дизель сатып алууну көздөөдө. Бул дагы баага таасир этет" деген ал.
Ал мунайга болгон баанын өсүшү дүйнөлүк тенденция экенин айтып, кымбаттоо 2021-жылдын октябрынан бери токтой электигин кошумчалаган. Азыр Бишкекте дизелдин литри 75 сомдун тегерегинде, былтыр августтун аягында 49 сомдон болчу.